Ошто Бахапова көчөсү эки күнгө жабылды

Ош шаарындагы Санабар Бахапова көчөсү 11-декабрдан тарта эки күнгө жабылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бул көчөдө Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетине канализация куруу иштери башталды. Мындан улам, эки күн Санабар Бахапова көчөсүнүн (Юго-Восток кичи районундагы көпүрө) Ленин көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык турат.

Муниципалитет айдоочулардан маршрутун алдын ала пландаштырууну өтүндү.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*