
Кечээ, 11-декабрда Аксы районунун аймагынан Өзбекстанга мал алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аксы районунун Падыша-Ата айылынын 38 жаштагы тургуну Ш. Э. Кыргызстандан Өзбекстанга 4 баш бодо малды айдап өтүүгө аракет кылган. Чек ара кызматкерлери токтотуп калышан.
Алдын ала маалымат боюнча, бодо малдын баасы 400 миң сомду түзөт.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жандыктары менен кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Оставьте первый комментарий