
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Акыл Айтбаев менен Илгиз Сарылдык уулун 20-февралга чейин абакта калтырды.
Райондук соттун бүгүн, 12-декабрындагы токтомуна ылайык, Акылбек Айтбаев менен Илгиз Сарылдык уулунун камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 20-февралга чейин узартылган.
Активист, саясатчылардын жапырт кармалышы
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келишкен.
Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өткөн. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулган.
Садыр Жапаров ошол күнү улуттук «Кабар» агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айткан. Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.
Ошол эле күнү кармалгандардын баары соттун чечими менен 2 айга камакка алынышкан.
22-октябрда саясатчы Равшан Жээнбеков 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык «Кемпир-Абадды коргоо» комитети түзүлгөнүн билдирген. Ага саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар мүчө болушкан.
Оставьте первый комментарий