Кемпир-Абад: Айданбек Акматов менен Чыңгыз Капаров 20-февралга чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен активист Чыңгыз Капаров менен журналист Айданбек Акматов 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу 12-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Райондук соттун ушул эле күнү чыгарган чечими менен активист Илгиз Сарылдык уулун жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевдин камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 20-февралына чейин узартылды.

Активист, саясатчылардын жапырт кармалышы

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келишкен.

Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү.

Ошол эле күнү кармалгандардын баары соттун чечими менен эки айга камакка алынышкан.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*