
Жалал-Абаддагы «Береке» базарынын жолу бузулуп, жаан жааганда көлчүккө айлана турган болуп калган. Базардын мындай абалда турганына 10 жылга чукулдады. Бирок соода түйүндөрү жайгашкан жер менчикте болгондуктан, жергиликтүү бийлик бюджеттин эсебинен базарды оңдой албай турганын айтып жатат.
Береке Жалал-Абад шаарындагы ири базарлардын бири. Бул жайга көбүнчө дыйкандар мөмө-жемиштерин дүң баада сатууга алып чыгат. Жергиликтүүлөр да башка базарлардан арзан болгондуктан азык-түлүк алууга көп барат. Бирок, кардардын саны үзүлбөгөн жайда эл үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн эмес.
«Сатуучуларга да, алуучуларга да кыйын. Базарга акча түшүп жаткандыр. Түшкөндөн кийин каякка иштетип жатат. Ушул жерге жумшабайбы. Пенсиялардын баары ушул жерге келет. Базарда жүрүш үчүн ар бирибизге резинка өтүк керек болуп калды. Жолду оңдоп койсунда» — дейт алуучулардын бири Садыбахан Тажикулова.
Расмий маалыматка караганда «Береке» базары жайгашкан жерлер жеке менчикте. Мындан улам, жергиликтүү бийлик өз бюджетинен аталган жайды оңдой албайт. Муниципалитет базар жетекчилигине эскертүү берип гана тим болууда.
«Жеке менчик жерлерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен асфальт төшөп же кандайдыр курулуштарды жасоого мыйзам жол бербейт. Ошондуктан биз базардын айланасын оңдой албай келебиз. Ага карабастан жеке менчик базардын ээлерине элдерге ыңгайлуу шарт түзүү боюнча эскертүүлөр берилип келет» — деди Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат катчысы Кабылбек Көчкөнбай уулу.
Биздин телетоп базар жетекчилигине ал жайдын абалы тууралуу маалымат алуу үчүн барганда суроого жооп берүүдөн баш тартып, кетип калган.
«Береке» базарында 400дөн ашуун соода түйүнү бар. Алардан ай сайын салык кызматына 450 миң сомдон ашуун акча каражаты түшөт. Ал эми жер ээлери акыркы 11 айда 2 млн сомдон ашык салык төлөгөн.
Оставьте первый комментарий