
Ош облусунда кассалык-көзөмөл машиналарын орнотуу канчалык ишке ашты? Жергиликтүү салык кызматы кандай ишмердүүлүк жүргүзүп жатат? ККМ аппараттарын орто жана чакан бизнес жүргүзгөндөр колдоого алдыбы? Биз жарандык көзөмөл жүргүздүк.
Өзгөн району
Кичи жана орто бизнести колдоо үчүн иш-аракеттер кайсыл бир пайызда ишке ашканы менен, ишкерлер соода жүргүзгөн жарандарга чектерди бере беришпейт. Мындай көрүнүш Өзгөн шаарында ондоп саналат. Алгач калаадагы дарыканалардын бирине баш бактык. Кассалык-көзөмөл аппараттары коюлган, бирок келген кардарлардын бирине да товар алганын тастыктаган чек чыгарып беришкен жок. Андан ары башка соода түйүндөргө кирдик. Үчөөнөн гана ККМ аппараттарын кезиктирдик.
«Официанттарга дайыма «чек чыгарып бергиле» деп эскертебиз. Унуктуп калышкан окшойт. Негизи дайыма эле беребиз», -дейт тамактануучу жайдын ээси Зайнабидин Фатидинов.
Кара-Суу
Ал эми Кыргызстандагы эң ири базарлардын катарын толуктаган Кара-Суу базарынын айланасындагы соода-сатык жүргүзгөн субьектилердин деле көпчүлүгүнөн кассалык апараттарды кезиктирүүгө мүмкүн эмес. Ишкерлер бул көрүнүштү ар кандай себептер менен түшүндүрүүдө.
«Колдоно элекпиз. Бизден эч ким деле сураган жок, талап деле кылбады. Менимче анын кереги жок. Ишкерлерге оор болуп клаат го», -дейт ишкер Жыргал Омаров.
Ошол эле учурда Салык кызматына нааразы болгондор да бар.»Кассалык апараттарды орнотуу менен мамлекетке кандай пайда болот?» деп суроо салгандар бар. Аны менен кошо мамлекет тарабынан берилип жаткан акысыз апараттар жөнүндө маалыматы жоктор ондоп саналат. Бул көрүнүштү ишкерлер Салык кызматынын түшүндүрүү иштеринин мыкты жүрбөгөнү менен баалашууда.
«Салык кызматындагылардын өзүнүн түшүнүгү жок экен. Себеби магазин ачканыма эки-үч ай болду да. Анан салыктагылар банк аркылуу ачасыз дегенинен барсам, алар «келишим түзө албайбыз, аппараттар жок» деди. Ишкерликти баштап атканда документтери баары мыйзамдуу болсо деп ойлодум эле», -дейт жеке ишкер Айгерим Улукбек кызы.
Араван
Аравандагы Салык кызматынын башчысы район боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө толук маалымат берген жок. Анын себебин кызматка жаңы келгени менен байланыштырды. Райондогу айыл өкмөттөрдү мында кой, салык кызматына бет маңдай жайгашкан соода түйүндөрдүн биринен да кассалык апараттарды кезиктире алган жокпуз. Ишкерлер салыкчылар эми эскертүү берип кетишкенин, жаңы жылдан кийин орнотушарын бир ооздон айтып жатышат.
«Мурда да аппаратты алып бирок колдонгон жокпуз. Себеби эч ким сурап келген жок. Жөндөн-жөн эле чыгымга учурадык, таштандыга ыргыттык. Эми жаңысын алышыбызга туура келүүдө», -дейт ишкерлердин бири.
Ноокат
Ноокат районунда бир күндө жүздөгөн адамдарга кызмат көрсөткөн тамактануучу жайлардын бирине кирдик. Аларда аппарат коюлганы менен, ар бир кардарга чектерин бере беришпейт. Бул көрүнүш салык кызматынын көзүн бое дегенди түшүндүрөт.
Ошентип, Ноокаттагы жыйырмадай ар кандай соода түйүндөрүнө кирдик, бирок алардын учөө гана мамлекет тарабнан коюлган талаптарды аткарган. Эгер, жер-жердеги салык кызматкерлери өздөрүнө коюлган талаптарды так аткарбаса, анда көмүскө экономиканы мындан ары да ачыктоо кыйын.
Салык кызматы эмне дейт?
Кассалык аппараттары бар туруп, кардарга чек чыгарып бербегендерге мыйзам чегинде чаралар бар. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков билдирди. Анын сөзүнө караганда, белгиленген талаптарга жооп бербегендерге 23 миң сомго чейин айып каралган.
«Жарандар ошондой учурга туш болсо, дарегин жана атын көрсөткөн маалымат жибериш керек. Ал үчүн 116 акысыз номерине чалса болот. Биз милдеттүү түрдө текшерүүгө алабыз. Көйгөй бар. Бул эми ар бир ишкердин уятында деп койсок да болот. Бирок биз анын баарын анализдеп чыгабыз. Ошолорду аныктап чыгыш үчүн да лотерея ойнотуп жатабыз».
Көзөмөл-кассалык машина, нааразылыктар
Көзөмөл-кассалык машина — бул маалыматты салык кызматынын бирдиктүү маалыматтык тутумуна онлайн режиминде жөнөтүп турган аппарат. Аны товар сатууда же кызмат көрсөткөн учурда колдонуу керек.
Азыркы учурда эки түрдөгү, аппараттык жана программалык ККМ колдонулат. Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эстутуму менен кадимки кассалык аппарат. Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот. Смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган.
ККМ колдонуу талабына ишкерлер былтыртан бери каршылыгын билдирип келүүдө. Бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.
Оставьте первый комментарий