
Жыл башынан бери ай сайын азык-түлүк баалары кымбаттап жатат. Мындай көрсөткүчтү Улуттук статистика комитетинин азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматынан көрүүгө болот.
Январда жогорку сорттогу ундун бир килограммы 52 сом болсо, сентябрда 64 сомго жеткен. Ал эми, картошка тескерисинче 41 сомдон 30 сомго түштү. Кой жана мал этинин баасына дээрлик 60 сомго чейин кошулган.
Статкомдун маалыматында дизель майлары январда 59 сом болсо, сентябрда 76 сом болуп олуттуу кымбаттаганы көрсөтүлгөн.
Сентябрда августка салыштырмалуу мөмө жемиштин баасы 9%га, жашылчанын баасы 11%га арзандаган.
«Бул материал «Фейк көзөмөл» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен даярдалды. Макалада айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.
Оставьте первый комментарий