Электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти

Кыргызстанда электр энергиясын колдонууда кезектеги тарыхый максимум катталганын бүгүн, 12-декабрда “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.

Былтыркы кышта бул кезде суткасына калкыбыз 55 млн. кВт/саат электр энергиясын алып жаткан болсо, быйыл суткасына 70 млн. кВт/саат болууда. Былтыркыга салыштырганда 15 млн. кВт/саатка көп”,-деди Талайбек Байгазиев.

Ал ошондой эле кечкисин электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көлөмү бул күндөрү 3,3 миң мегаватт болуп жатканын, былтыр ушул маалда 3 миңге жетпеген деңгээлде болгонун кошумчалады.

Анын айтымында, Токтогул ГЭСи кадимки тартипте иштеп жатат, суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,1 млрд. куб метр болууда, бул былтыркыдан 1,4 млрд. кубга жогору.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*