
Жалал-Абад шаарындагы Шопоков көчөсү жакында эле жаңы курулуп, пайдаланууга берилген. Бирок ачылганына бир ай болбой жатып, чуңкурлар пайда боло баштады. Жергиликтүү жашоочулар айрыкча жаан-чачын учурунда ал жерлерге суу толуп жатканын айтып, жол сапатсыз курулган деп нааразы.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында курулушу башталган Шопоков көчөсү эки жума мурун пайдаланууга берилген. Дээрлик жети ай бою курулган көчөнүн кемчилдиктери азыртадан байкала баштады. Айрым бөлүктөрү тешилип, жаан-чачын учурунда жол ортосунда көлчүктөр пайда боло баштады. Коомчулук ири сумма кеткен көчөнүн сапатына маани берүүнү бийликтен талап кылып жатышат. Калаа тургуну Бакыт Молдожанов буларды айтат:
«Азыр курукчулукта оюлган жерлери көрүнбөй турат. Бирок жамгыр жааганда көрүнүп, суу, чалчыктар жолдун ортосуна топтолуп калат. Технология боюнча жолдун ортосу дөңчө, чекелери ылдый болуп суу арыкка чыгып кетиш керек. Азыр тескерисинче ортодо калып жатат. Эми жол тез арада бузулуп баштайт. Анан жамап баштайбыз. Ошондуктан жолдун сапаты төмөн деп баалайм».
Жаңы ачылган жолдун узундугу 1167 метр, ал эми туурасы 21 метрди түзөт. Андан сырткары жөө адамдар үчүн эки тарабына тротуар салынган. Бирок курулушу бүткөн көчөдө, чабалдык ачык эле байкалып турат. Анткени жол менен чогуу салынган суу алып өтүүчү түтүкчөлөрдүн орду асфальттан кадимкидей айырмаланып турганын байкоого болот. Түтүкчө бар жер ылдый түшүп, калган бөлүгү бийик болуп калган.
42 млн сомдук долбоор
Суу алып өтүүчү түтүкчөлөрдүн ордун оңдоо иштери Жалал-Абад суу башкармалыгынын моюнунда. Бийлик өкүлдөрү трубалардын орду тез аранын ичинде калыбына келерин убадалап жатышат. Бирок күндүн сууктап калганын эске алганда жамалган жерлер канча убакыт туруштук берээри белгисиз.
«Ал жерде люктардын чуңкуру болгонун байкадыңыздар да. Ал жолду оңдогон компаниялардын иши эмес. Суу башкармалыгынын иши. Буюрса люктардын ордун тегиздеп, көтөрөбүз. Жолдогу чуңкурларды бузулуп кеткенче жасайбыз. Ушул жума ичи (ред- 12-18-декабрга чейинки аралыкты айтып жатат) бүтөт», -дейт Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Элдос Тагаев.
Тагаевдин айтымында, Шопоков көчөсүндөгү жолдун акыркы бөлүгү күз айынын аягына барып бүткөрүлгөн. Ал курулуш шашылыш жүргөндүктөн кемчиликтер болгонун моюндайт. Аны ишке ашырган АБЗ курулуш компаниясына кайра оңдоп-түзөө иштери тапшырылган дейт.
«Жолду салган компанияны чакырып, кемчиликтердин баарын айттык. «Бул жери чуңкур экен. Мына жери туура келбей калыптыр» деп көргөздүк. Кемчиликтердин баары мыйзам чегинде жасатабыз», -дейт вице-мэр.
Жаңы салынган көчөнүн курулушу үчүн шаардык казынадан 42 млн сом бөлүнгөн. Бийлик өкүлдөрү курлуш компаниясына жолду оңдоп түзөмөйүн акысы берилбейт дешүүдө. Ошол эле учурда оңдоп-түзөө иштери кийинки жылдын жаз айларында башталаарын кошумчалашты. Демек, кабыл алынбай жатып, кемтиги чыга баштаган жаңы жол кыштан бүтүн чыга алабы деген суроо азырынча ачык бойдон турат.
Оставьте первый комментарий