Кемпир-Абад: Молдокматов, Кадыров жана Эрлан Бекчоро уулунун камактагы мөөнөтү узартылды

13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровду жана «Туран» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду жана активист Эрлан Бекчоро уулун 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

12-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-февралга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын, жарандык активисттер Илгиз Шаменов, Чыңгыз Капаров, Али Шабдан, Акыл Айтбаев, журналист Айданбек Акматов жана Айбек Бузурманкуловдун мөөнөтү 20-февралга чейин узарганы белгилүү болгон.

Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү да 20-февралга чейин узартылды.

Активист, саясатчылардын жапырт кармалышы

Эске салсак: 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Ошол эле күнү кармалгандардын баары соттун чечими менен эки айга камакка алынышкан. Камалгандар муну саясий куугунтук деп айтууда.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*