Ош шаарынын жаңы мэринин кеңешчиси делген жаран ким?

11-декабрда Фейсбук колдонуучу Эрнис Нурдин Ош шаарынын жаңы мэринин кеңешчиси болуп Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин жакын санаалашы Муктар аттуу жаран келгени боюнча пост жазган.

Анда ал «Ошол Акмат хандын беш жылдык бийлигинде оң колуна айланып, көздөй кеңешчиси Муктар ака бүгүн, Ош шаарынын мэри Жетигеновдун кеңешчиси болуп келиптир. Келгени мэрдин оң канатынан кабинет алып, шаардын маселесин колго алыптыр», — деген.

Бирок, көп өтпөй бул пост өчүрүлгөн. Ал өзү бизге маалыматты жазганын жана кийин өчүргөнүн тастыктады.

Биздин редакция 7-декабрда мэр Бакытбек Жетигеновдун шаар менен таанышуу учурларында аны коштоп жүргөн жаранды көргөн. Төмөнкү сүрөт видеодон скринделген жана 7-декабрь күнү тартылган.

Ошондой эле дал ушул жаран бүгүн 13-декабрда мэрияда Ош шаарынын 2022-2026-жылдарга карата социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн программасынын долбоору боюнча жыйынга катышканын көрүүгө болот. 

Биздин редакция жаңы мэрдин жаңы кеңешчиси деп соцтармактарда айтылып жана мэриянын иш-чараларына катышып, мэрди коштоп жүргөн жарандын ким экендигин текшерип көрдү.

Ачык булактар бул жаран Муктарбек Зулпукаров экенин көрсөттү.

Мухтар Зулпукаров 54 жашта. Кесиби боюнча башталгыч класс мугалими. Дене-тарбия институтун бүтүргөн. Күрөштүн эки түрү боюнча спорттун чебери. Ал 2021-жылы Жогорку Кеңешке өткөн шайлоодо «Замандаш» партиясынын тизмеси менен катышкан. Ошол убактагы партиянын социалдык тармактагы баракчасында ал өзүн кризис менеджери жана медиатор экенин айткан.

Издөөдө жүргөн жана Бакиевдер менен байланышы

ЖМКлар 2013-жылы ИИМге шилтеме берип Муктарбек Зулпукаровду уюшкан кылмыштуу топтордун арасында чоң беделге ээ экенин жана Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин оң колу деп жазышкан

2009-жылы ал «Азаттыкка» берген интервьюсунда өзүн «Сали Ата» компаниясынын башкы директору катары тааныштырган. Аталган компаниянын негиздөөчүсү Акмат Бакиев болгон.

Ошондой эле 2010-жылы ага издөө жарыяланганы айтылган. 2013-жылы милицияга өз ыктыяры менен багынып бергени жана ага мыйзамсыз куралдуу топ жана массалык баш аламандык уюштурган деген айып тагылгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. 

Биздин редакция Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына байланышты. 

Милициянын маалымат катчысы Муктарбек Зулпукаров боюнча суроого «Милиция тарабынан кармалып, иш толугу менен тергелип, соттун кароосуна жиберилген», — деп жооп берди.

Ал эми Жогорку соттон маалыматты тактап жооп берише турганын билдиришти.

Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп Муктарбек Зулпукаров келгенин тактоо үчүн берилген сурообузду калаанын маалымат кызматы жоопсуз калтырып, тастыктаган да баш тарткан да жок.

Бирок, ошол эле учурда мэриянын Фейсбуктагы расмий баракчасында бүгүнкү иш-чарага мэрдин кеңешчиси да катышканын жарыялашты.

Зулпукаров эмнеге ээлик кылат? 

Politmer.kg сайтында Зулпукаровдун атына 9 компания катталганын көрүүгө болот.

 Алар:

 «Жалал-Абад медициналык институту» жабык акционердик коому;

«Басыз-Ата» жоопкерчилиги чектелген коому;

«РусАзияГолд» биргелешкен кыргыз-россия корпорациясы ЖЧКсы;

 «Цемент плант» ЖЧКсы;

«ЭСТ» ЖЧКсы;

«Эко-протект» ЖЧКсы;

«ЭЛДОС К.Ж.» жаштар коомдук фонду;

«Бечел» ишканасы.

Үй-бүлөсүнүн бизнеси

Муктарбек Зулпукаровдун кызы Зулпукарова Айтурган Муктарбековнага таандык 5 компания бар. 

Алар «АРТЭЙЖН» ЖЧКсы, «ИСМЕДКЛИНИК» ЖЧКсы, «Тэкайым» коомдук фонду, «Э-Сервис» ЖЧКсы, «Эй Зэд» ЖЧКсы.

24.kg басылмасы 2018-жылы «Депутаттар, саясатчылар, бизнесмендер. Борбор калаадагы Фучик сейил багындагы участокторго ким ээлик кылат?» аталышындагы материалын жарыялаган. Анда дал ушул тизмеден Зулпукаровдун кызы Айтурган Зулпукарованы да көрүүгө болот.

Ал эми Зулпукаровдун келинчеги Нүргүл Чүрөкова Жалал-Абад шаарындагы «Симба» окуу борборунун жетекчиси.

Муктарбек Зулпукаровдун өзүнүн 2020-жылдагы пандемияда Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө күндүзгү 40 (кырк) орундуу стационар ачканы тууралуу маеги да жарыяланган.

«Бул материал «Фейк контроль» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен даярдалды. Макалада айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*