АКШ Борбор Азиядагы массалык маалымат каражаттарын каржылоону күчөтүүдөбү? Текшеребиз

22-ноябрда Nazarnews сайты «АКШ Борбор Азиядагы массалык маалымат каражаттарын каржылоону күчөтүүдө» деген аталыштагы макаласын жарыялады.

Анда АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон иш сапарында «Борбор Азия медиа программасы» деп аталган долбоорду кайра жандандырууну сунуштаганын ишенимдүү булактарынан билишкени жазылган.

  • Ишенимсиз булак 

Бул материалында Nazarnews сайты өздөрүнүн жеке булактарына шилтеме бергенин жазышкан жана анын ким экенин ачыктаган эмес. Мында алар «Анонимдүү авторитет» деген түшүнүктү колдонуу менен көз жазгырышкан. 

«Анонимдүү авторитет» бул — окурмандардын пикирине таасир этүүнүн эң эффективдүү ыкмаларынын бири, авторитетке шилтеме кылуу.

Анонимдүү авторитет – манипуляциянын эң натыйжалуу ыкмаларынын бири. Анда эксперттердин, окумуштуулардын билдирүүлөрү айтылат, бирок алардын ысымы белгиленбейт. (Булак – Сороченко, 2006, 245-249 б) 

Макалада долбоорду жандандыруу тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон иш сапарында билдиргенин жазылган. 

Бирок ачык булактарда жана Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин расмий сайттында Дональд Лунун Борбор Азия өлкөлөрүнө келгени тууралуу маалымат жок.

Дональд Лунун иш-сапарлары боюнча акыркы жолу АКШнын департаментинин сайтында 6-ноябрда жазылган. Анда ал Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстанга келе турганы айтылган. Кыргызстан бул тизмеде болгон эмес.

  • Фактыларды бурмалоо 

Андан соң «Долбоордун демөөрчүсү жана дем берүүчүсү, сиз ойлогондой, USAID деген аббревиатура менен белгилүү болгон АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги. Бул абдан күчтүү «өкмөттүк эмес уюм», америкалык «жумшак күчтүн» эң күчтүү куралдарынын бири.  Ал 2014-жылы Борбор Азияда Internews Network программасын негиздеген. Эми анын жардамы менен аймакта жигердүү ишин баштоону көздөп жаткандай. Бул программа уюмдун сайтында айтылгандай, «Борбор Азияда, балансталган маалыматтык чөйрөнү» тагыраак айтканда Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган. Ушуга таянып, биз Вашингтондон биздин медиа чөйрөбүзгө түз кийлигишүүнү күтүшүбүз керек», — деп жазган.

Материалда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) 2014-жылы Борбор Азияда Internews Network программасын негиздегенин жана анын колу менен медианы өнүктүрүүнү колго алганын жазган.

Бирок Internews – дүйнөнүн 100 өлкөсүндө, качкындар лагерлериндеги радиостанциялардан баштап ири жергиликтүү маалымат агенттиктерине, кинорежиссерлорго жана технология тармагындагы адистерге чейин көз карандысыз медианы колдогон коммерциялык эмес уюм.

Ал дээрлик 40 жылдан бери өнөктөштөрүнө миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калуу, экономиканы жакшыртуу жана институттарды жоопкерчиликке тартуу үчүн туура маалымат менен камсыз кылууга жардам берип келет.

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнөн Интерньюс дээрлик 30 жылдан бери Казакстанда медиа чөйрөсүнүн көз карандысыздыгын жогорулатуу жана сапатын жакшыртуу боюнча иш алып барат. Ал эми Тажикстанда иштеп баштаганына 12 жылдан ашкан.

Мында Nazarnews сайты маалыматты бурмалаган жана туура эмес маалымат менен окурмандарга таңуулоого аракет кылган.  

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) болсо  дүйнө жүзү боюнча 100гө жакын өлкөдө иш алып барат. Алар айыл-чарбаны өнүктүрүү, чакан ишкерлик, ден-соолукту чыңдоо, экология жана демократияны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырат. 

USAID Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен иштеше баштаганына 30 жыл болду. Алар ишке ашырган долбоорлордун  бюджети тууралуу маалыматттар сайтында ачык эле жарыяланган.

Жыйынтык: Nazarnews сайты макаласында анонимдүү авторитетке шилтеме берүү менен манипуляциялап, фактыларды бурмалаган. 

Автор Т-медиа 11884 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*