Кемпир-Абад: кармалгандардын айрымдары ачкачылык жарыялады

Мурдагы судья Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, активист Перизат Суранова жана саясатчы Бектур Асанов абактагы мөөнөтүн узартканга каршы чыгып, 14-декабрдан тарта мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу Кемпир-Абадды коргоо комитети билдирди.

Рита Карасартова бул кадамын сот чечимине нааразылык иретинде кабыл алганын билдирди.

«Биз соттун чечимине каршы болуп, бүгүнкү күндөгү башаламандыкка, мыйзамсыздыкка, прокуратуранын көзөмөл кылбаганына каршы туруп ачкачылык жарыялайбыз. Биз сынбайбыз. Биз камакта отуруп кан тамырыбызды кесип, өзүбүздүн алсыздыгыбызды көрсөтпөйбүз. Биз күчтүү, намыстуубуз. Башыбызга түшкөн оор нерсеге өзүбүздүн туруктуулугубузду көрсөтүп, мыйзамдуулук, эркиндик үчүн күрөш ушундай болорун көрсөтөбүз», -дейт Карасартова.

Ал эми Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова айыптоочулар оор беренени тагууга аракет кылып жатканын айтты.

«Азыр Кыргызстанда массалык репрессиянын жылы болуп калды. Садыр Жапаровдун бийлигинин учурунда массалык репрессияга кабылган, алардын арасында саясий туткун айымдар болгон деген нерсе тарыхта түбөлүк калат. Азыр силер (ред-айыптоочуларды айтып жатат) «массалык башаламандыкты бийликти басып алууу максатында уюштургансыңар» деп жазып атышат. Иш жүзүндө али беренени коюша элек, бирок айыптоолор оорлоп баратат. Болгону «күнөөңөрдү мойнуңарга алгыла» деп жатышат», — деди ал.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова сотто активист Перизат Суранованын камактагы мөөнөтү узартылгандан кийин анын улгайган энеси өзүн начар сезип, эсин жоготконун билдирди. Кийин тез жардам чакыртылган.

Саясатчы Бектур Асанов сот жүрүп жатканда журналисттерге кармалгандарга карата коюлуп жаткан айыптоолордун бардыгын негизсиз экенин айтты. Ал аялдарды бошотууну суранды.

«Аялдар ачкачылык жарыялашты, биз эркектер эртеңден тарта баштайбыз. Оорусу бар эле бир-эки кишиден башка баары жарыялайт. Аялдарды анан аксакалыбыз бар аны чыгаруу керек. Мамбетжунус Абыловдун абалы оор, аны да сурандым чыгарыш керек деп. Коңшу камерада отурабыз, күн алыс эле ал кишиге догдур чакырып жатышат», — деди Асанов.

Активист, саясатчылардын жапырт кармалышы

13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп шек саналып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыров, Асия Сасыкбаеваны, саясатчылар Жеңиш Молдокматовду, Равшан Жээнбековду, Бектур Асановду, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловду, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Атай Бейшенбекти, Перизат Суранованы, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы, укук коргоочу Рита Карасартованы 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

12-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-февралга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын, жарандык активисттер Илгиз Шаменов, Чыңгыз Капаров, Али Шабдан, Акыл Айтбаев, журналист Айданбек Акматов жана Айбек Бузурманкуловдун мөөнөтү  2023-жылдын 20-февралына чейин узарганы белгилүү болгон. Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү да 20-февралга чейин узартылды.

Эске салсак: 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Алар суу сактагычтын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгышкан.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өткөн.

Ошол эле күнү кармалгандардын баары соттун чечими менен эки айга камакка алынышкан. Камалгандар муну саясий куугунтук деп айтууда.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*