
Жогорку Кеңеште бүгүн, 14-декабрда түштөн кийин өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат угулат. Жыйынга Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү министрликтери, башка тийиштүү органдардын өкүлдөрү чакырылды.
Депутат Айбек Осмонов балдар арасында сасык тумоо менен ооруп жаткандар көбөйгөнүн айтып, мектептерди онлайн окутууга өткөрүү керектигин сунуштады.
«Бир жуманын ичинде 15 миң адам ооруп, ооруканага кайрылыптыр. Кайрылбай үйүндө жаткандар канча. Ошондой эле 1,5 миңдей бала ооруканада жатат экен. Азыркы сасык тумоону башкача ооруу деп жатат. Ошондуктан Саламаттыкты сактоо министрлигин чакырып, жооп алсак жакшы болот эле. Дары-дармектер жетиштүүбү? Кандай жолдор менен даарылап жатышат? Ушул суроолорго жооп алсак. Билим берүү министрлигин да чакырсак. Окуучулар көп ооруп жатат. Мүмкүн болсо сабактарды онлайнга өткөрүш керек. Болбосо убактылуу жаап туруу зарыл», —деди депутат.
Маселени Эрулан Көкүлов да көтөрдү. Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев түштөн кийин өкмөттүн маалыматы угуларын билдирди.
«8 мектеп карантинге жабылыптыр. Эки министрлик алдын ала иштешсин, үйрөнсүн. Элге отчет берсин, журналисттерге маалымат жыйын курушсун. Масеплени Жогорку Кеңеште көтөртпөй эле алдын алышса болот», -деди Көкүлов.
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, акыркы күндөрү сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөн. Дем алуу органдарынын курч вирустук оорулары күчөп, ага чалдыккандардын жетимиш пайызын 14 жашка чейинки балдар түзүп жатат.
Мындан улам Бишкекте 14-декабрдан тарта сегиз мектеп онлайн окутууга өттү. 13-декабрда Чүйдөгү алты мектепке карантин киргизилген. Ошто да эпидемиологиялык абал оор. Бирок мектептердин жабылышына зарылчылык жарала элек. Саламаттыкты сактоо министрлиги окуучулардын 20%ы мектепке келбей жатса, карантин киргизилерин эскертти.
Оставьте первый комментарий