
Ноокатта маданият үйүнө караган 57 сотых жерди 11 жаран мыйзамсыз менчиктештирип алган. 4 жылдан бери сот процесстери уланып келүүдө. Бул тууралуу маалыматта аталган маданият үйүнүн жетекчилиги тастыктады.
Ноокат шаары 1983-жылы Эски Ноокат айылы болуп турганда 600 оорунду маданият үйүн курууга деп 1 гектар 20 сотых жер берилген. Андан кийин жерлер бөлүнүп, жеке адамдардын колуна өтө баштаган.
Маданият үйүнүн башчысы буга мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн катыштыгы бар деп эсептейт. Мамлекеттик, муниципалдык, социалдык маанидеги жерлердин жеке тараптарга берилбеши керектигин билип туруп шаардын башчылары одоно мыйзам бузуу менен жерлерди берип жиберген деп айыптайт.
«2010-жылы шаар мэриясы, каттоо кызматы, администрация тил бириктирип 11 адамга берип жиберген. 4 объект өтүп кеткен. Биз менен эч кандай иштери жок. Акыры айла кеткенде сотко бердик. Райондук сотто утулдук, облустук соттон уттук. Эми кандай болгондо да мамлекеттин жери мамлекетке кайтарылыш керек да», — дейт Абдибаит Тажибаев атындагы маданият үйүнүн башчысы Төрөбек Мамашов.
Маданият үйүнүн башчысы Ноокаттагы Кадастр мамлекеттик ишканасын дагы сотко берип утуп алган. Анткени аталган мекеме ачылгандан бери маданият үйүнүн имаратында акысыз жайгашып турган. Жогорку сот мыйзамсыз чечимди чыгаргандан кийин 6 айга келишим түзүп ижара төлөй башташкан. Келишим бүткөн соң имаратты бошотуп бериши керек.
«Биз ал жерлерди соттун чечиминин негизинде алып бергенбиз. Кадастр түзүлгөн убакта облустук администрациядан чечим чыккан. Бизге жер табылып берилсин деп. Анын негизинде райондук бийликтин токтому менен бизге берген бул жерди», — дейт «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокаттагы жер кадастры бөлүмүнүн башкы адиси Тагай Сатиев.
Ал эми Ноокат районунун шаар куру жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы маданият үйүнүн жалпы аянты 1 гектар 20 сотых жер экенин ырастады.
«Бүгүнкү күндө айланасындагы бүт жерлер соттун чечими менен менчикке өткөн. Мыйзамсыз берилип кеткен. Маданият үйүнүн алды ачык бойдон маданий эстетикалык көрүнүштөргө ээ болуп турушу керек эле», — дейт Ноокат районунун шаар куру жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ильязбек Акматов.
Маданият үйүнүн айланасындагы окуялар боюнча Нооакт районунун акиминин дагы кабары бар. Ал мамлекеттик, муниципалдык жерлер жеке менчикке өтпөшү керектигин айтып, дайыма мыйзам тараптамын дейт.
«Коммерциялык объектер курулуп кеткен. Билесиздер Ноокатта бут койорго жер жок. Пробкалар, элдер ыңгайсыз абалда турушат. Биз бул маселелерди чечүү үчүн иштерди аткарып жатабыз», — деди Ноокат районунун акими Данир Иманалиев.
Оставьте первый комментарий