Активист Али Шабдан да ачкачылык жарыялады

Сүрөт интернеттен алынды

«Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген шек менен камалган жарандык активист Али Шабдан да 14-декабрдан ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

«Кемпир-Абадга байланыштуу камалгандардын биринин дагы жоболору сотто эске алынбай, негизсиз камалып түрмөдө жатабыз. Азыр бизде ачкачылык жарыялап, өз өмүрүбүздү тобокелчиликке салгандан башка арга калбады. Эгерде өмүрүбүз бир нерсе болсо, ал президенттин жоопкерчилигинде. Саясий куугунтуктук, сөз эркиндигине кысым токтосун, Кемпир-Абад иши жана башка саясий негизде камалгандар бошотулсун», -дейт ал.

Буга чейин мурдагы судья Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, активист Перизат Суранова жана саясатчы Бектур Асанов абактагы мөөнөтүн узартканга каршы чыгып, 14-декабрдан тарта мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашкан.

Активист, саясатчылардын жапырт кармалышы

13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп шек саналып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыров, Асия Сасыкбаеваны, саясатчылар Жеңиш Молдокматовду, Равшан Жээнбековду, Бектур Асановду, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловду, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Атай Бейшенбекти, Перизат Суранованы, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы, укук коргоочу Рита Карасартованы 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

12-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-февралга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын, жарандык активисттер Илгиз Шаменов, Чыңгыз Капаров, Али Шабдан, Акыл Айтбаев, журналист Айданбек Акматов жана Айбек Бузурманкуловдун мөөнөтү  2023-жылдын 20-февралына чейин узарганы белгилүү болгон. Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү да 20-февралга чейин узартылды.

Эске салсак: 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Алар суу сактагычтын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгышкан.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өткөн.

Ошол эле күнү кармалгандардын баары соттун чечими менен эки айга камакка алынышкан. Камалгандар муну саясий куугунтук деп айтууда.

Автор Т-медиа 11885 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*