ИИМ: Болот Темиров беш жылга чейин Кыргызстанга киргизилбейт

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстанга беш жылга чейин киргенге болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жыйынында Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. 

«Анча оор эмес кылмыш кылган чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга беш жыл, ал эми өтө оор кылмыш жасагандар өмүр бою киргенге болбойт», -деди Абдиев.

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде Манас аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.

Темиров сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында Темировду депортациялоо чечимин сот кабыл алганын, ага чейин ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп, прокуратура да бекиткенин билдирген. Бул ишке өзүнүн жана УКМКнын тиешеси жоктугун айткан.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар, АКШнын Мамлекеттик департаменти да Темировдун депортацияланышын сындаган билдирүү тараткан.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму Болот Темировдун Орусияга депортацияланышын анын журналисттик ишмердүүлүгү жана жогорку деңгээлдеги коррупцияны иликтегени үчүн өч алуу катары айыптаган. Уюмдун башчысы депортация тууралуу чечим жокко чыгарылып, Темировго Кыргызстанга кайтууга жана журналисттик ишмердүүлүгүн куугунтуксуз улантышына уруксат берилиши керектигин белгилеген.

Темировдун жактоочулары Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрыларын билдиришкен. 

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*