«Менин кесипкөйлүгүмү президент текшерет». Бишкектин мэри кызматтан кетүү ниети жоктугун айтты

Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев менен Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кайым айтышты. Эл өкүлү «калаа башчынын кесипкөйлүгүн ким карайт»» деп суроо салды. Ошондой эле ал Абдыкадыровдун президент Садыр Жапаров менен жеке мамилеси бар экенин, шаардагы маселелерди чече албаганы үчүн өз эрки менен кызматтан кетүүсүн сунуштады.

«Сиз азыр кадр маселеси боюнча «Мен кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жакшылап карайм. Эми мындан ары кадр маселеси токтойт» деп жакшы пикир айттыңыз. Сиздин кесипкөйлүгүңүздү ким текшерет? Мен билем президент сизге ишенет. Сиз ага ишенесиз. Бул эми тар, чоң чөйрөдө деле айтылып жүрөт. Өзүңүздүн кызматтан кеткенге ыктыярыңыз барбы? «, -деди Сатыбалдиев.

Өз кезегинде Эмилбек Абдыкадыров мэрди президент дайындай турганын, кесипкөйлүгүн дагы мамлекет башчысы текшерерин айтты. Ал депутаттын үйүнүн тосмосу мэрия тарабынан буздурулганы үчүн ага жеке таарынычы бар экенин, бирок мыйзам баарына бирдей иштеши керектигин эскертти.

«Мен кызматка президенттин буйругу менен дайындалгам. Демек, президент текшерет жана баа берет. Буйруса алдыга койгон пландардын баарын ишке ашырайын деген оюм бар. Мэрлер деген беш же алты ай иштеш керек эмес. Жок дегенде 3-5 жыл убакыт берген жакшы. Себеби чечилбей калып кеткен маселенин баары ошондон болуп жатат. Баштаган ишими аягына чыгарышым керек. Мектептерди бүтүрдүк, эми таштанды заводун аягына чыгарабыз. Электробустарды алып келебиз. Астыда чоң-чоң пландар бар. Мен билем, сиздин жеке таарынычыңыз бар. Себеби сиз жашаган көчөдө менин орун басарым тосмоңузду талкалады. Бирок мыйзам алдында баары бирдей. Бул көчөдө 70 адам өз эсебинен тосмолорун бузуп, грантка тротуарларды куруп алышкан» , — деди мэр.

Эске салсак: сентябрда Бишкек шаарынын Шүкүров көчөсү-166 дарегиндеги үйдүн тосмо дубалы сүрдүрүлгөн. Бул үй Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевдики экени айтылган, имаратка бала бакча уюштурулган.

Февраль айынын этегинде Бишкек шаарынын мэри алмашып, 63 жаштагы Эмилбек Абдыкадыров калаа башчы болуп дайындалган. Аны кызматка бекиткен жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

9-мартта Factcheck.kg редакциясынын журналисттери Абдыкадыровдун бир канча курулуш компаниясы бар экенин аныктап чыгышкан. Бирок эртеси түнү менен мэрдин ысымы ага таандык делген компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн катарынан алынып салынган.  

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*