
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева билдирди.
Анын маалыматына караганда, жаш балдар арасында сасык тумоо көп катталып жатат. Буга байланыштуу мектептер менен бала бакчаларда текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында:
- Чүй облусунда — бардык мектептер жана 49 бала бакча;
- Баткенде — 1 бала бакча;
- Ош облусунда — 1 мектеп, 1 бакча;
- Ысык-Көл — 3 мектеп, 19 бала бакча;
- Таласта бардык мектептер, бала бакчалар жабык;
- Нарында — 4 бала бакча;
- Жалал-Абад облусу — 10 мектеп, 19 бала бакча
- Ош шаарында — 10 мектеп
- Бишкекте — 40 мектеп онлайн окутууга өттү.
Ашимбаева учурда күн сайын санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери мониторинг жүргүзүп жатканын, жыйынтыкка жараша чечимдер кабыл алынарын кошумчалады.
Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын маалыматы боюнча, соңку аптага салыштырмалуу сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөн. Дем алуу органдарынын курч вирустук оорулары күчөп, ага чалдыккандардын 68 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзүп жатат.
14-декабрга карата курч вирустук оорулардын 9788 учуру жана сасык тумоонун 21 учуру катталган. Бул 13-декабрга салыштырмалуу 1,3 эсеге көп.
Оставьте первый комментарий