Баткен: тургундардын насыялары жоюлууда

Сентябрда кыргыз-тажик ортосунда болгон чек арадагы кандуу кагылыштан жабыркаган Баткен облусунунун тургундарынын насыялары жоюлууда. Жалпысынан 476 карыз алуучу банктарга кайрылып, алардын ичинен 333үнүкү жоюлган. Мындай маалымат Улуттук банктын Баткенде өткөрүлгөн көчмө жыйында айтылды.

Үй-жайы тажик тараптан толук өрттөлүп, тонолуп кеткен Баткендеги Достук айылынын тургуну Матураим Амираев учурда Баткен шаарында үй-бүлөсү менен бир үйдө убактылуу ижарада турат. Ал сарай куруп, мал алуу үчүн мамлекеттик банктардын биринен 300 миң сом насыя алган. Азыр эми мамлекет анын карызын толук жоюп берген.

«Короо-жайым кичине болгон үчүн насыя алып жанына кошумча салдым эле. Тоюттарды сатып алып, кышка даярдап отурганда тажикстандыктар бизге кол салып, салган сарайым да, чөп-чарлар бүт күйүп кетти. Жада калса үйүбуздү тоноп, аны да өрттөп кетишиптир эле», -дейт ал. 

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыповдун маалыматы боюнча, банктарга жана насыя берүүчү мекемелерге жалпысынан 476 жаран кайрылган. Алардын ичинен 333үнүн арызы канааттандырылып, 25 миллион сомго жакын каражат жоюлган. Жакыпов чек ара жаңжалында жабыркаган жарандардын банктарда насыясы бар болсо, аларга азыр да жардам берилерин белгиледи. Ал үчүн кредит берген банкка же уюмга кайрылуусу керек.

«Кээ бирине пайызы жок төлөө мүмкүнчүлүгүн бердик. Айрымдарына азайтып бердик. Жаран кайсы банктан же компаниядан насыя алган болсо, алар менен тыгыз сүйлөшүп турушг керек. Биз бул жактан баардык жарандардын шартын угууну тапшырганбыз», -дейт Жакыпов. 

15-декабрда Баткенде чек арада жабыр тарткан ишкерлердин, жөнөкөй тургундардын насыяларын эсептен алып салуу боюнча көчмө жыйын өттү. Анда алардын банктар менен түзүлгөн келишимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сөз болду. Иш-чарага банктардын жана каржы уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

«Баткен облусунда ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан банктардын жетекчилери менен насыя берүүнүн шарттары, тартиптери жана аларды жарандарга жөнөкөйлөштүрүү маселесин талкууладык. Ал эле эмес башка да арыздар бар. «Кагылышуу күндөрү жабыр тарткан жарандардын насыяларын канткенде жоёбуз? Мөөнөтүн канткенде узартабыз?» деген суроолорго да бар», -дейт президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков. 

Чек арада жабыр тарткан ишкерлерге кенемте төлөнүп,-жылга чейин салыктан бошотуу жагы да каралууда. Ошондой эле жеңилдетилген насыя берүү жагы да айтылды.

Чек арадагы куралдуу кагылыш

Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 63 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек ара чырынан улам 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка көчүрүлүп, бүгүнкү күндө 132 миңден ашыгы кайра үйлөрүнө кайтты.

20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолуп, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга «чыккынчылык менен кол салганын» айткан. Жапаров коңшу мамлекетке ишеним солгундап кеткенине карабай, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөргө Кыргызстан даяр экенин билдирген.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. «Озоди» өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*