Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендештерге 10-январга чейин өтүшү керек болгон каттоону эскертти

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендештерге 10-январга чейин манжа изин мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү эскертти.

Былтыр 29-декабрга чейин Орусияга барган кыргыз жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин манжа изин каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.

1-январдан 8-январга чейин Орусияда жумуш эмес майрам күндөрү деп жарыяланган. Бул күндөрү көпчүлүк кызматтар иштебегендиктен элчилик милдеттүү процедуралар өтө турган жерлерге барууну эс алуу күндөрүн эске алып пландоону эскертти.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*