
15-декабрда Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун тарапташтары чогулду. Алар эл өкүлүн коргоп бийликке кайрылуу жасашты жана аны мандатынан ажыратпоону талап кылышууда.
Кайрылгандар Бакировду парламентке «өзүнүн күчү, эмгеги менен барган депутаттардын бири» деп белгилешти. Алар Садыр Жапаровдон сотторго калыс мамиле кылууну өтүндү.
«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич. Төө-Моюн эли чогулуп, бийликке, кыргыз элине кайрылуу жасап отурабыз. Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан шайланып барган Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратууга эл нааразы. Төө-Моюн эли Садыр Жапаровдун иштерин башынан эле колдоп келди. Жакында кыргыз-өзбек чек ара келишимин ратификациялоо меселеси боюнча Бакиров чогулуш өткөргөндө, эл колдоп берүүсүн суранган. Ага курулбай калган каналды куруп берүү боюнча дагы элден сунуш түшкөн. Бакиров «элдин өтүнүчүн, элдин суранычын бийликке жеткирем» деп ушундай басым-кысымдарга дуушар болууда деп эсептейбиз», — деди келгендердин бири.
«Соттун мыйзамсыз чечим чыгарганына каршы чыгып чогулдук. Алар Бакировдун атаандашы берген арызды үч күндүн ичинде карашы керек эле. Бирок бир жылдан кийин каралып жатканы маселе болуп атат. Биз мыйзамдуулукту талап кылып чыктык. Бирөөнү мактап, бирөөнү жамандаганы чыккан жерибиз жок. Жогорку сотко кайрылабыз деп жатышат. Ошол жерде сот туура чечим чыгарышын каалайбыз. Төө-Моюнда 20 миң калк жашайт. Ушул жерде туруп, 97-98 пайыз колдогонбуз. Сотторго эч кандай басым болбосо. Бул кечээки айтышуудан кийинки кысым болуп жатат», — деди дагы бири.
13-декабрда Бишкек шаардык административдик соту Өмүрбек Бакировдун Көк-Жар айылдык округу боюнча шайланып келген депутаттык мандатын анын атаандашынын арызы менен кайра карап чыгуу талабын канааттандырган. Депутат муну парламентке кысым, мыйзам бузуу катары баалаган.
Өмүрбек Бакиров Кемпир-Абадды Өзбекстан менен биргелешип башкаруу боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттардын бири. Эл өкүлү 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен. Бул окуядан кийин ал парламенттеги кызматтык бөлмөсүнөн чыгарылган. Кийин 24-ноябрда Бакировдун иш бөлмөсү алмашкан окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.
Оставьте первый комментарий