
Кыргызстандагы «Азиздер жана дүлөйлөр коомунун» ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн суу, канализация, коммуналдык кызматтар жана газдын акысын төлөөдө 50 пайыздык жеңилдик белгиленди. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин 16-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.
Маалыматка караганда, жеңилдик мамлекеттик бюджеттен берилет. Мындай чечим аталган коомго мүчө угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.
Өлкө боюнча «Азиздер жана дүлөйлөр коому» бирикмесине көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 8 миңден ашуун жаран мүчө. Уюмдун он бир окуу-өндүрүштүк ишканасы бар. Аларда көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштейт.
Оставьте первый комментарий