
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, актер Азиз Мурадилаев каза болду. Бул тууралуу 17-декабрдын кечинде алып баруучу Ассоль Молдокматова актердун жубайына шилтеме берип «Фейсбук» баракчасына жазды.
Үч күн мурун маркум видеокайрылуу жасап, анда ага донор таежеси боло турганын жана Түркияда жасала турчу операция башка өлкөдө жасалмай болгондугун айткан эле. Ал даарыланууга акча чогултууга жардам көрсөткөн кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирген.
Актер 44 жашта болчу. Акыркы жылдары Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенип келген. Тасмаларда да башкы ролдорду ойноп, Садык Шер-Нияздын «Курманжан Датка» тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарган.
Оставьте первый комментарий