
Кыргызстанда 93 мал союучу жайдын 25и «талапка жооп бербейт» деген негизде жабылган. Бирок айрым аймактарда талапка баш ийбей өз алдынча иштеп жаткан цехтер бар. Алардын бири Жалал-Абад шаарында жайгашкан Байэл-2 мал союучу жайы. Шаардык ветеринардык башкармалык жабылганын айтканы менен иш жүзүндө кадимки тартипте иштеп жатышат.
Санитардык талапка жооп бербеген мал союучу жайлардын бешөө Жалал Абад облусунда. Алардын бирөөсү Жалал-Абад шаарында жайгашкан. Жабылууга негизги себеп катары имараттын эскилиги жеткени жана калктуу конушка жакын жайгашканы болгон. Талапка ылайык, кушкана калктуу конуштан миң метр алыстыкта жайгашуусу зарыл.
«Мал союлуучу жайдын аралыгы калктуу конушка жакын болбош керек. Бирок Байэл-2нин имараты элдин үйүнүн дубалына 2-3 метр жакын жайгашкан. Биз ошол жагын эске алып жаптык», -дейт шаардык ветеринардык башкармалыктын жетечисинин милтетин аткаруучу Мамытбек Ажиматов.
Жабылды делген аталган жайга барып, кадимки тартипте иштеп жатканына күбө болдук. Муну ал жердеги жумушчулар тажияга чукул буйрутма келгени менен түшүндүрүштү. Бирок канткен күндө да ишмердүүлүгүнө чекит коюлган жерде мал союу канчалык мыйзамдуу деген суроо жаралат.
«Кайра жабылат, айып пул салынып, ишмердүүлүгүн токтотот. Негизи имараты да эски. Анан эл жашаган жерге жакын жайгашкан да», -дейт Жалал-Абад шаардык ветеринардык башкармалыгынын кызматкери Бакытбек Мырзалиев.
Жалал-Абадда жабылууга негиз жок делген башка мал союучу жайлардын да шарты начар. Алсак, Сузак районундагы кушканалардын бири калктуу конуштан 200 метр аралыкта гана жайгашкан. Андан сырткары саркынды суулар топтолуучу септиктери толуп, кан аралаш суулар толук тазаланбай калган. Ошентсе да алар өз ишин кадимки тартипте жүргүзүп жатат.
Мал союучу жайлардын санитардык талаптарга жооп бербей, бирок иштеп жатканы коомчулукта нааразычылыктарды жаратып келет. Мындан улам Ветеринардык кызмат атайын текшерүү жүргузүп, өлкө аймагында тиешелүү эрежелерди сактабаган беш цехтин жабылганын кабарлаган.
Республикада эт өндүрүү, кайра иштетүү жана жогорку сапаттагы уй жана козу өндүрүү боюнча мал чарба объектилери күндөн күнгө көбөйүүдө. Бирок калкты сапаттуу, коопсуз эт жана эт азыктары менен толук камсыз кылуу жетишсиз. Мындайда мал союучу жайлардын жоопкерчилиги чоң.
Оставьте первый комментарий