Президент: мэрди кызматтан алып койсок эле түтүн жоголуп кетпейт

Ош шаарында тартылган сүрөт. Автор: Белек Мусаев

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда маек куруп, ышты көзөмөлгө алганга жалпы эл өздөрү жардам бериш керектигин белгиледи. Мамлекет башчы жакында эле тик учак менен шаардын үстүн, жаңы конуштарды эки-үч жолу айланып, үстүнөн баарын көргөнүн айтты. Ал тургундар резина, чүпүрөктөрдү жага берип, абаны булгап жатат деген ойдо. 

«Мэрди кызматтан алып койсок эле түтүн жоголуп кетпейт. Түтүндү көзөмөлгө алганга жалпы эл өздөрү жардам бериш керек. ЖЭБдин түтүнү болгону 10-15 пайызды түзөт. Кечээ жакында тик учак менен шаардын үстүн, жаңы конуштарды эки үч жолу айланып чыктык. Баарын көрдүк. Калган түтүндүн баары жаңы конуштардан, жеке сектордогу сауналардан, мончолордон чыгып атат. Алар резина же тигүүчү цехтерден чыккан чүпүрөктөрдү жагып жиберишет экен. Ошондуктан ошолорду ар бир кошуналары көзөмөлгө алып, жактырбаш керек. Анткени ал түтүн ар бир жашоочунун ден соолугуна зыян алып келет. Ошол үчүн мейли кошунасы болосуңбу же көчөдөн өтүп бара жатып көрүп каласыңбы, айтыш керек, жакпа деш керек, тиешелүү органдарга билдириш керек. Ошондо гана түтүн жоголот. Албетте, бийлик дагы жөн жаткан жокпуз. Дароо буйрук берип, рейд уюштурдук. Бирок эл өзү көзөмөлгө алып берсе, рейдден дагы жакшы жыйынтык берет эле. Азыр жаңы конуштарда жеке менчик мончолор көп экен. Ошолордо жагылат экен. Азыр эми жаңы конуштарга өкмөт тараптан мончолорду салдырганга тапшырма бердим. Анан эң негизгиси гидро ГЭСтерди салууну күчөтүп жатабыз», —дейт президент.

Ошондой эле Жапаров учурда 50гө жакын кичи жана орто ГЭС курулуп жатканын, баары бүтсө, көпчүлүк электр энергияга өтүп кетсе, шаар түтүндөн кутула турганын кошумчалады.

Соңку күндөрү Бишкекте абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башына чыкты. Башкалаада абанын сапаты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун белгиленген нормасынан 47,7 эсеге булганыч болууда. Мындай аба адамзаттын ден соолугуна олуттуу терс таасир этерин адистер белгилеп жатышат.

Бишкектен тышкары Ош шаарындагы ыштын көрсөткүчү да жогору экени белгиленген.

Буга чейин Финляндиянын метеорологиялык институту Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана БУУнун Айлана-чөйрө программасы (ЮНЕП) үчүн жасаган изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда Кыргызстанда абанын булганышынан улам жыл сайын (2010-2019-жылдары) 4100-5000 адам мезгилсиз көз жумганы, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөрү айтылган. Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булагы — көмүргө байланыштуу экени көрсөтүлгөн.

Автор Т-медиа 11885 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*