
«Т-Медианын» журналисттери Internews уюмунун эл аралык «Умтулуу-2022» сынагында жеңүүчү болушту. Иш-чара 16-декабрда Бишкекте өттү.
«Бийлик жана коом» номинациясындагы биринчи орун Ажибай Пайзидин уулу, Бекзат Бакиев, Айкөл Олжобай уулу жана Улукбек Сали уулуна («Кара-Сууда мыйзамсыз сатылып кеткен үлүш жерлер» аттуу иликтөөсү үчүн) ыйгарылды.

Ушул эле номинациянын үчүнчү орунуна журналист Жылдыз Орозматова («Чек арасыз демилгелер» аттуу эмгеги үчүн) татыды.
«Айлана-чөйрөнү коргоо» номинациясындагы экинчи орун Наргиза Анарбай кызына («Ондогон жылдардан бери көйгөйү чечилбеген Оштун таштанды талаасы» деген материалы үчүн) тапшырылды.

Ошондой эле «Аракетчил инсан» номинациясынын экинчи орунун Зыягүл Болот кызы менен Кудайберди Дыйканов тарткан «32 балага өз кучагын ачкан ата» материалы жеңип алды.

Ал эми ушул эле номинациянын үчүнчү орунун Даяна Данияр кызы менен Нуржигит Чолпонбаевдин «17 жашында окуу борборун ачкан Эльдар» аттуу эмгеги татыды.

«Умтулуу» сыйлыгын тапшыруу аземи
Сынак жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Бул жолу калыстар тобу 162 арызды караган. Жыйынтыгында алты номинация боюнча 18 материалдын авторлору жеңүүчү деп табылды.
«Умтулуу» сыйлыгы Кыргызстанда мыкты журналисттерге тапшырылып келе жатат. Сынактын максаты – аудитория жана жалпы эле коом алдында өзүнүн жарандык жана кесиптик жоопкерчилигин аңдаган, заманбап маалыматтык тармакты өнүктүрүүгө салымын кошкон журналисттерди колдоо, маанилүү жана татаал темалар боюнча коомдук талкууга түрткү берүү.
Оставьте первый комментарий