Кемпир-Абад: абактагы Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткени айтылды

«Массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген шек менен кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан активист Перизат Суранова абалы кескин начарлап кеткенин билдирди.

Анын айтымында, дене табы 37 градустан түшпөй жатат.

«Аба  жетишпей, дем алуу кыйын болууда. Мен өзүмдүн абалымды оор деп баалайм. Кан басымым да жогору, 90/60-130/90 болуп жатат», -деп кат жазган ал. 

Биринчи май райондук соту 13-декабрда Орозайым Нарматова, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова жана Рита Карасартованын абактаны мөөнөтүн 2023-жылдын 20-февралына чейин узарткан. Ошол эле күнү кармалгандар мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашкан. Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта ачкачылык кармагандардын саны бүгүнкү күндө 19га жетти.

Күн мурун ачкачылык жарыялаган дагы бир саясатчы Орозайым Нарматованын абалы ашказан жарасынан улам «кескин начарлап» кеткени кабарланган. 

14-декабрда ачкачылык жарыялаган камактагы аялдар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоп, Кыргызстандын азыркы жетекчилиги демократиянын негиздерин талкалап, авторитаризмди орнотуп жатканын белгилешкен. Камакта отургандардын бир тобу сотто суракта Кемпир-Абад боюнча эмес, мамлекеттик төңкөрүш аракети тууралуу соболдор берилип жатканын айтып чыгышты.

Активист, саясатчылардын жапырт кармалышы

23-28-октябрь аралыгында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги мунун себебин «Кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген негизде түшүндүргөн. Кылмыш ишин козгоого алардын 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Бир катар эл аралык уюмдар жана элчиликтер кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга, сөз эркиндигине кысымды токтотууга чакырууда.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*