ЖАМК: ачкачылык жарыялагандардын саламаттыгы туруктуу

Абакта ачкачылык кармап жаткандардын баарынын саламаттыгы туруктуу. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Мындай маалыматты 19-декабарда Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова «Т-Медиага» билдирди.

Ал ошондой эле абалы кечскин начарлап кеткени кабарланган активист Перизат Сурановага «Тез жардам» кызматы чакырылганын билдирди. Ага медициналык кароо жүргүзүлүп, ооруканага жаткырууга негиз жок деген корутунду чыккан.

Суранованын ден соолугу кайрадан кескин начарлап кеткени кечээ, 18-декабрдын кечинде белгилүү болгон. Активисттердин айтымында, анын абалы ачкачылык акциясынын бешинчи күнүндө оорлошуп кеткен.

Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча камалган 20дан ашык саясатычы, активисттин абактаны мөөнөтүн 2023-жылдын 20-февралына чейин узарткан. Ошол эле күнү кармалгандардын айрымдары мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашкан.

Алардын бири Орозайым Нарматованын абалы ашказан жарасынан улам «кескин начарлап» кеткени кабарланган. 

14-декабрда ачкачылык жарыялаган камактагы аялдар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоп, Кыргызстандын азыркы жетекчилиги демократиянын негиздерин талкалап, авторитаризмди орнотуп жатканын белгилешкен. Камакта отургандардын бир тобу сотто суракта Кемпир-Абад боюнча эмес, мамлекеттик төңкөрүш аракети тууралуу соболдор берилип жатканын айтып чыгышты.

Активист, саясатчылардын жапырт кармалышы

23-28-октябрь аралыгында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги мунун себебин «Кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген негизде түшүндүргөн. Кылмыш ишин козгоого алардын 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Бир катар эл аралык уюмдар жана элчиликтер кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга, сөз эркиндигине кысымды токтотууга чакырууда.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*