Кемпир-Абаддын курулушунан Кара-Сууда 1000 гектар жерге суу чыгып кеткенби?

Жогорку Кеңештин 8-декабрдагы жыйынында депутат Искендер Матраимов Кара-Суу районундагы 1000 гектар жерден суу чыгып, жараксыз абалда экенин айтты. 

Министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышкан жыйында ал «Кемпир-Абаддын кесепети биздин Савай айыл өкмөтүнө таасирин тийгизип жатат. 1000 деген гектар жердин алдына суу чыгып кеткен. Бүгүн керексиз болуп турат», — деп айткан. 

Биз депутаттын сөзүн текшерип көрдүк.

 

Расмий жооп

Савай айыл өкмөтүнөн жер асты сууларынын деңгээлинин көтөрүлүшү 1985-жылдары байкала баштаганын билдиришти. Ага 1982-жылдары курулган Кемпир –Абад суу сактагычынын жана Шарихан-Сай каналынын бетондолушу себеп болгонун кошумчалашты.

«Савай айыл өкмөтүнүн Өзбекстан менен чектешекен жери 19,3 километрди түзөт. Чектешкен 19,3 километр аралыкка бетон лоток куюлган. Лоток куюлганга чейин Шарихан-Сай каналы сай болуп агып келген. Анын таасиринен Кызыл — Шарк, Кыдырша, Курбан – Кара жана Кең — Сай айылдарында жер асты сууларынын денгээли көтөрүлгөндүгүнүн натыйжасында жалпы аянты 420 гектардан ашуун жерден суу чыгып кеткен. Жалпысынан 420 га жерден суу чыгып, 400,0га айыл чарба багытындагы жер эсебинен чыгып сазга айланып кеткен», — деп билдиришти Савай айыл өкмөтүнөн.

Ошондой эле, айыл өкмөт жер асты сууларынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча 17,5 километр ачык типтеги, 2,5 километр жабык типтеги коллектордук дренаждар курулганын, ага карабастан жер асты сууларынын деңгээли жылдан жылга көбөйүп жатканын кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө суу чыккан айылдардагы үйлөрдүн саны 305. Анын ичинен 250 үй изилденип, 36 кожолукка финский үй жана 19760,0 ссуда жана 76 кожолукка башка турак жай курууга жер тилкелери ажыратылып берилген. Башкадан турак-үй куруу үчүн ипотекалык ссуда алуучулардын тизмесине 52 кожолук киргизилип, аларды башка жерге көчүрүү сунушталган. Турак үйлөрдүн жашоого мүмкүн болбой калган жерден келип чыккан зыяндын орду орто эсеп менен эсептегенде 24 960,0 миллион сомду түзгөн.  Жогорудагы көрсөтүлгөн маселеге мамлекеттик денгээлде көнүл бурулуп алдын албаса Кызыл-Шарк айылын толугу менен башка жакка көчүрүү маселеси жаралат», — деп жазылган айыл өкмөт берген маалыматта.

Савай айыл өкмөтүндөгү айылдар менен Кемпир-Абад суу сактагычынын аралыгы

Кызыл-Шарк айылы менен Шарихан-Сай каналынын аралыгы

Жыйынтык: Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүндөгү жерлердин астынан суу чыгып кеткени чын. Бирок, анын аянты 1000 эмес 400 гектарды түзүүдө.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*