
Мамлекеттик чакан делегациянын иш сапарлары үчүн учакты лизингге алуу иши аяктап калды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
«Bombardier Challenger же Embraer Legacy учагы сатып алынат. Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттер үчүн эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды» — деп белгиледи Султанбаев.
Маалыматка караганда, буга чейин Кыргызстан бул эки учакты сынап көрүп жаткандыктан алардагы учуулар акысыз болгон. Президент Садыр Жапаровдун Катарга болгон иш сапары да акысыз болуп, өлкө күйүүчү майга гана чыгымын төлөдү.
Жапаров кечээ, 18-декабрда Катарга иш сапары менен учуп кеткен. Анын Катарга менчик учакта барганы талкууланып жаткан. 20-сентябрда учактардын бири Bombardier Global Express XRSди сынап көрүү үчүн президент АКШга акысыз барып келген.
Оставьте первый комментарий