
Активисттер Кемпир-Абадга байланыштуу камалып, абакта жаткан Перизат Суранованын ден соолугу кайрадан кескин начарлап кеткени 18-декабрдын кечинде билдирип чыгышты.
Активист Айсулуу Кудайбердиеванын маалымат боюнча, Суранованын абалы ачкачылык акциясынын бешинчи күнүндө оорлошуп кеткен.
«Камакта жанында отургандар ал кан аралаш заара кылып жатканын айтышты. Ал өз алдынча кыймылдай албай жатат. Аны СИЗОнун медициналык бөлүмүнө бир нече жолу замбил менен алып барышкан. Ал жактагы дарыгерлер талаптагыдай медициналык жардам көрсөтпөй жатышат», -деп жазды Кудайбердиева.
Жаза аткаруу кызматы азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин Перизат Суранова ТИЗО-1ден кат жазып, абалы кескин начарлап кеткенин билдирген. Ал дене табы 37 градустан түшпөй кыйналып жатканын айткан.
Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча камалган 20дан ашык саясатычы, активисттин абактаны мөөнөтүн 2023-жылдын 20-февралына чейин узарткан. Ошол эле күнү кармалгандардын айрымдары мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашкан. Ачкачылык кармагандардын саны бүгүнкү күндө 19га жетти.
Ачкачылык жарыялаган дагы бир саясатчы Орозайым Нарматованын абалы ашказан жарасынан улам «кескин начарлап» кеткени кабарланган.
14-декабрда ачкачылык жарыялаган камактагы аялдар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоп, Кыргызстандын азыркы жетекчилиги демократиянын негиздерин талкалап, авторитаризмди орнотуп жатканын белгилешкен. Камакта отургандардын бир тобу сотто суракта Кемпир-Абад боюнча эмес, мамлекеттик төңкөрүш аракети тууралуу соболдор берилип жатканын айтып чыгышты.
Активист, саясатчылардын жапырт кармалышы
23-28-октябрь аралыгында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги мунун себебин «Кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген негизде түшүндүргөн. Кылмыш ишин козгоого алардын 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.
Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Бир катар эл аралык уюмдар жана элчиликтер кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга, сөз эркиндигине кысымды токтотууга чакырууда.
Оставьте первый комментарий