
Бүгүн саат 19:00дө Ош шаарындагы борбордук аянтта жаңы жылдык балатынын оту жандырылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Балатыны жасалгалоо, мэрдин балаты майрамы жана жаңы -жылдык иш-чараларга 2 млн. 700 миң сом акча сарпталган. Майрамдын символикасы болгон балатынын бийиктиги 29 метр болуп орнотулган.
Эске салсак былтыры Ош шаарындагы балатынын бийиктиги 31 метр болуп, анын жанына жолборстун элеси чагылдырылган.
Борбор калаада жаңы жылдык башкы балаты 15-декабрда жандырылган. Анын бийиктиги 25, диаметри 12 метр. Аянтка бүркүттүн, бугунун, жылкынын, коёндун инсталляциясын орнотуп, ири белгилер менен 2023 сандарын жазышкан
Балаты оту жангандан кийин аны коштогон театралдашкан оюн-зоок жана концерт уюштурулган.
Ал эми Жалал-Абадда кечээ майрамдык балаты жандырылып, иш-чара концерттик программа менен коштолуп, өнөр ээлери тарабынан жагымдуу ырлар тартууланды.
Жалал-Абад шаарынын «Эркиндик» аянтына бийиктиги 27 метрди түзгөн балаты орнотулуп, 800 миңден ашык акча жумшалган.
Оставьте первый комментарий