
Быйыл сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Баткенден Бишкекке баш калкалап барган жарандардын үч миңдейи үйүнө кайта элек. Арасында батир таппай жүргөндөрү да бар.
Баткенден борбор калаага барып батир издеп жүргөндөрдүн бири Гүлмайрам Галчабаева. Ал кыргыз-тажик чек арасында чыккан жажалда үйүн таштап, Баткендин Паскы-Арык айылынан 3 баласы менен качып чыккан. Бишкекке келгенде алгач мэриянын таап берген жатаканаларына жайгашкан. Бирок 10 күндөн соң бул жайда жашагандарды кайра кетирүү чечими чыккан. Галчабаева өзү жашаган айылында кооптуулук дагы да бар болгондуктан үйүнө кайтпай, борбор калаада батир издеөөгө аргасыз болгон.
«Бишкекке келгенде каттоодон өтүп, медициналык академиянын жатаканасына жайгашканбыз. 10 күндөн кийин айылга кетсеңер, алып барып таштап келели дешти. Ал кезде биздин айыл тынч эмес эле. Малдар уурдалып, тонолгондуктан айылда эч ким жок эле. Кыш келип калгандыктан үйүбүзгө жайгашып алалы деп 15-20 күн мурун гана кайтып бара башташты. Бирок жаш баласы жоктор барды. Бир нерсе болсо качканга оңой деп унаасы барлар барды»
Гүлмайрам Галчабаева Бишкекке баргандан бери 4 жолу батир алмаштырган. Бул үй-бүлөгө мамлекет тарабынан башка жардам көрсөтүлгөн эмес.
«Бийликтегилер качып келгендерди жакшыраак караңыздар. Кыштын күнүндө грипп да катуу болуп жатат. Силерден суранабыз, кыштын күнүндө көмүр болсо да муктаждарга берип турсаңыздар»
Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине бул маселе боюнча кайрылганыбызда, Баткенден баш калкалоо үчүн башка аймактарга барган жарандар жөлөк пул ала албай жатса, министрликтин өкүлчүлүктөрүнө кайрылса болоорун билдирди. Ал эми, жашоо шарттары боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү милдеттеме алган.
«Алардын жайгашуусун жергиликтүү бийлик көзөмөлүнө алышы керек. Көмүрү, тамак-ашы баарын көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилген» — деди Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев.
Ал эми, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү биздин маалыматыбыздан кийин каарманыбызга байланышып бардык маселелерин чечкенге жардам берүүнү убадалады.
Учурда, Бишкек шаарында Баткен облусунан келгендердин жалпы саны миңден ашуун деп айтылып келет. Алардын айрымдарынын үйлөрү куралдуу кагылышуудан улам таптакыр жараксыз абалга келген.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяда жалпы 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз абалга келсе, 238 үй оңдоп-түзөөгө муктаж. Чек ара чырынан улам 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка көчүрүлгөн.
Оставьте первый комментарий