
Жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу 26-декабрда башталып, төрт этап менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча ЖОЖго абитуриенттерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү саат 14:00дө аяктайт.
Андан соң, окууга кабыл алууга сунушталгандардын тизмеси 29-декабрь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат. ЖОЖго кабыл алынгандар өзүнүн окууга болгон каалоосун 31-декабрга чейин тастыкташы керек.
9-январдан 11-январга чейин кабыл алуунун экинчи этабы болот. Ага каттоо 9-январда башталып, 11-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Абитуриенттердин тизмеси 12-январда чыгат. Кабыл алынган абитуриенттер өзүнүн окууга болгон каалоосун 14-январь саат 16:00гө чейин тастыкташы керек.
Кышкы кабыл алуунун үчүнчү этабы 16-январдан 18-январга чейин, төртүнчү этабы 23-январдан 28-январга чейин созулат.
Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдордогу бош орундарды толуктоо үчүн окууга эки жолу кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн киргизген. Кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөө 26-27-ноябрда өткөн. Ага 1260 адам катышып, 893 абитуриент 110 же андан жогору балл топтоду. Эң көп упай 226, эң төмөнү 65 балл болду. Жогору баллды Бишкек жана Ош шаарынын катышуучулары алган.
Бул жолу ЖРТ тапшырган абитуриенттер үчүн 49 жогорку окуу жайда бош орундар бар. Алардын 17си мамлекеттик, 32си менчик жогорку окуу жайлар. Бирок кышкы кабыл алууда абитуриенттер гранттык орундарга тапшыра албайт.
Кышта кабыл алынган студенттерге окуу жылы 6 айга кеч аяктайт
Кышкы кабыл алууда бош багыттарга тапшыра алган студенттер кышкы каникулдан кийин биринчи семестрин окуп баштайт. Алар күздөн баштап окуган группаларга кошулбайт. Өзүнчө график түзүлүп, окуу жылы да алты айга кеч аяктайт.
Оставьте первый комментарий