
Ош-Бишкек унаа жолунан (“Т-образка”) Ош шаарына баруучу жолдун курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-декабрда Ош-Бишкек унаа жолунун 660-чакырымынан шаарга кирүүчү (“Т-образка”) кошумча жолунун Привокзальная көчөсүнө чейинки жолду куруу иштери башталган.
Кечээ Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жерине барып, Ош шаарында жыл сайын унаалардын көбөйүшүн эске алып, тиешелүү жол кызматтарына Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтү жана ДЭП-21 ишканасы менен биргеликте жолду куруу үчүн даярдык иштерин баштоого көмөк көрсөтүү тапшырмасын берген.
«Ош шаарынын башкы планына ылайык, бир катар долбоорлор каралып жатат. Анын ичинде Привокзальная көчөсүнөн Увам жана Үч-Кунан каналдары аркылуу “Т” формасындагы жолго чыгуучу жолдун долбоору да бар. Бул долбоордун негизги максаты – шаардын көчөлөрүндөгү, анын ичинде калаанын кире беришиндеги Монуев көчөсүндөгү унаа тыгындарын чечүү», — , деп айтылат маалыматта.
Демилге Ош шаарынын бекитилген башкы планына ылайык шаарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында иштелип чыгууда.
Оставьте первый комментарий