
16 жаштагы Элдияр Эрмек уулу топ балдардын ур-токмогунан 20-декабрдын кечинде каза болду. Маркумдун денесине экспертиза жүргүзүлүп, сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди. Жаш жигитти буга чейин да балдар тоноп, уруп келишкен.
Элдияр 9-классты аяктап, окуусун Өзгөндөгү №62 кесиптик лицейден улантып жатканына саналуу гана ай болгон. Белгисиз себептерден улам ал «окубайм» деп чечим чыгарган. Бирок мугалимдери «өзүң келбесең дагы окууң уланат, узак убакытта келип турасың» деп көндүрүшкөн. Көп убакыт сабакка келбей, 20-декабрь күнү окууга барган. Үйдөн ата-энесине кечинде келем деп чыккан. Бирок үйүнө жансыз денеси барды.

«Балабыздын бетин ачсак кан экен. Экспертизада башына пакет кийгизип коюшуптур. Чыкыйында, далысында көгөргөн дактар бар. Азыр денесин толук ача элекпиз, оролгон боюнча турат. Экспертизага да бизди катыштырбай койду. «Мен авасы болом, кирип денесин, көгөргөн жерлерин көрөйүн» десем болушкан жок», -дейт маркумдун агасы Рустам Маманазаров.
«Балдар сүдүрүрөп урушкандай да. Бир бутунда ботинкасы, байпагы жок экен. Ишти акыйкат тергеп, аягына чыгарып бергиле. Күнөлүүлөр жазасын алышсын», -дейт эжеси Арзайым Кимсанова.
Элдиярды 3-курстун балдары лицейдин алдына алып келип, көптөп уруп, өзүн билбеген абалда таштап кетишкен. Ал эми жанындагы теңтуштары болсо аны өзүнө келтирүүгө аракет кылышкан. Бирок андан майнап чыккан эмес. Ошол эле учурда жүрөгүнүн согушун дагы текшеришкен. Тилекке каршы, ал учурда жүрөгү токтоп калган.
Окуя кесиптик лицейдин короосунда болгону менен, күзөтчү же жатакананын коменданты алдын алган эмес. Студенттердин айтымында, Элдиярга кошуп башка балдар дагы токмок жеген. Аларды жалпысынан 12 бала урган. Чоң курстар, 1-2- курстарга үстөмдүк кылып, ур-токмоко алган учурлар болуп турат деген балдар аны ачык айтууга макул болушкан жок.

Лицейдин мугалимдер эмне себептен мындай окуяга жол берди? Мына ушундай суроолорго жооп алуу үчүн директоруна келгенбиз. Бирок анын да, орун басарынын да бөлмөлөрү жабык болуп чыкты. Окуя Ош облустук ички иштер башкармалыгында кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерин катталып, шектүү катары 17 жаштагы бала кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.
Маркумдун жакындары аны 19 бала сабаганын билдиришүүдө.
Элдияр Эрмек уулу үй-бүлөдө беш бир туугандын эң кенжеси болчу. 16 жашка толгонуна төрт гана күн болгон. Анын сөөгү Өзгөндөгү Кызыл-Дыйкан айылында жерге берилет.
Оставьте первый комментарий