ЖК экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш «Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттердин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү 21-декабрдагы жыйынында биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоордун демилгечиси Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаевдин сөзүнө караганда, документ мамлекеттин мүлкүн жана бюджет каражатын рационалдуу пайдаланууга багытталган.

Документте экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет деген ченемди алып салуу сунушталган. Жаңы шайланган мамлекет башчы кызматына киришкенден тартып экс-президент бир айдын ичинде мамлекеттик резиденциядагы үйдү пайдаланууну токтотушу керектиги жазылган. Андан тышкары мамлекеттик резиденцияда жашаган президенттен башка бардык мамлекеттик кызматкерлерди коммуналдык акыны өз эсебинен төлөөгө милдеттендирет.

Эске салсак: 6-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун жактырган. Учурда экс-президенттик макам Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевада гана бар.

2020-жылдын октябрь айындагы окуялар учурунда жабыр тарткандар да экс-президент Сооронбай Жээнбековдун макамын алуу чакырыгы менен чыгышкан. Азыркы президент Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугуп жүргөн учурда ушул боюнча келген суроого жооп берип жатып, Жээнбековдо «экс-президент» макамы сакталып калышы керектигин айткан.

Роза Отунбаева Кыргызстандын үчүнчү президенти. Ал өлкөнү 2010-жылдан 2011-жылга чейин башкарган. Бешинчи президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башында 2017-жылдан 2020-жылга чейин турган. Ал эми мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев, Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев бул макамдан ажыратылган.

Мыйзамга ылайык, экс-президенттер өмүр бою мамлекеттик күзөт менен камсыз кылынат, ошондой эле мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдаланууга алышат. Ошондой эле экс-президент аэропорт жана аэровокзалдардын, анын ичинде темир жол вокзалдарынын расмий делегацияларга арналган залдарын, андан тышкары, мамлекеттик байланышты акысыз пайдаланууга укуктуу. Пенсия курагына жеткенче экс-президент президенттик айлык маянанын 75 пайыз өлчөмүндө ай сайын өмүр бою акчалай каржы алууга укуктуу.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*