
ОшМУнун медицина факультетинин студенти 76 окуу жайдын арасында өткөрүлгөн эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээледи. Сынакка жалпысынан 3 миңден ашуун студент катышкан.
Эмир Курманбек уулу 6-курстун студенти. Сынак 16-17-декабрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөрүлгөн жана ал «ички ооруулар» багыттын тандап, бул жаатта 2 ай даярданган.
«Сынак 2 ай мурун жарыяланды. Олимпиада мыкты деңгээлде уюштурулуптур. Мен баш байге менен кайтам деп күткөн жокмун. Мындай масштабдуу сынакка катышуу өзү чоң сыймык болуп турду. Абдан кубандым, мугалимдерим мени менен барган студенттер сүйүнүчүмө шерик болушту. Алдыда мындан ары билимимди өркүндөтүп, мыкты кардиохурург болууну максат кылгам», — дейт Эмир Кубанычбек уулу.
Бул сынакка ОшМУдан жалпы 11 студент катышкан. Алардын баары ар түрдүү номинацияларда мыктылыгын көрсөтүшкөн.
«Самарканда -2020» олимпиадасы медицинанын жана фундаменталдык илимдердин 34 багыты боюнча өткөрүлөт. Сынак быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жатат. Бул жылы Франция, Польша, Орусия, Казахстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн окуу жайларынан студенттер катышкан. Олимпиада онлайн жана оффлайн форматта орус, өзбек, англис тилдеринде өтөт.
Автор: Айдана Осмонова
Оставьте первый комментарий