BBCнин өзбек кызматы Кемпир-Абад боюнча кандай маалымат таратты?

Декабрдын аягында социалдык тармактарда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара келишимдери боюнча коңшу өлкөлөрдүн ЖМКларындагы маалыматтар кайрадан жайылтылды.

Анда BBCнин өзбек кызматынын маалыматы скринделип, Өзбекстандын өкмөт башчысынын айткандары тараган.

«Т-Медиа» BBCнин өзбек кызматында жарыяланган маалымат менен кыргыз бийлиги тараткан билдирүүдөн эки айырма тапты.  

2022-жылдын 15-ноябрында BBCнин YouTube- каналында «Премьер-министр Арипов Өзбекстан эмне үчүн Кыргызстанга көбүрөөк жер берип жатканын түшүндүрдү» деген аталышта сюжет жарык көргөн. 

Анда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун Жогорку Кеңеш депутаттарына кыргыз-өзбек чек арасынын келишимдери боюнча берген маалыматы чагылдырылган.

Баяндап жаткан журналист:

«Акыры Өзбекстан Кыргызстан менен болгон чек ара келишим шарттарын баарына маалым кылды. Жалпы 302 миң км аянттагы 35 жер участкалар боюнча бир келишим баскычка жеткирилген. Буга жетишүү үчүн 5 жылдан ашуун убакыт кеткен. Бул боюнча Жогорку Кеңешке келип баяндама жасаган өкмөт башчы Абдулла Арипов билдирди», — баштаган.

Биринчи дал келишпестик:

Кыргызстанга Кемпир-Абад же Андижон суу сактагычы үчүн башка кабарларда айтылгандай 19,5 миң гектар жер эмес, 13, 7 миң гектар жер бериле турганын айтты. 4 миң гектар жер совет учурунда берилип бүткөн. Миң гектар Кемпир-Абад же Андижон суу сактагычынын ажыратылган жердин компенсациясынын калган бөлүгү үчүн экендиги айтылды. 4 миң гектар берип карыз үзүлгөн. Калган 12,5 миң гектар жер совет учурунда келишилип бирок, курулбай калган канал үчүн берилди. Аталган канал Баткен облусу тарапка курулуп, Кыргызстан 8 миң гектар жер өздөштүрүшү керек болгон. 

«Ушул аткарылбай калгандыктан, ошол жерди бердик. Кыргызстан тарап узак жылдардан бери бул каналдын курулбагандыгынан Бүргөндү тараптагы ошол жерлер өздөштүрүлбөй, анын таасири тууралуу айтып келишкен. Биз ошого компенсация кылып, Наманган облусунун Гавасай аймагындагы жерди өткөрүп берүүнү пландадык», — деп айткан.

Экинчи дал келишпестик:

Ошондой эле журналист Садыр Жапаровдун суу сактагычты 50-50 пайыз менен башкаруу боюнча айтканын да эске салып, бирок Арипов бул боюнча төмөнкүдөй билдиргенин айткан.

«Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча нааразы болгондорго 50-50%  башкаруу болот деп билдирген. Абдулла Ариповдун мындай башкарууну тилге албады. Коңшулар менен достук мамилелерди чыңдоо үчүн айрым максаттарда пайдалашыны айтылды. Кыргызстанга айрым максаттар үчүн пайдаланышка уруксат берилип жатат. Өзбекстан 175 миң гектар, Кыргызстан 25 миң гектар жерин сугарат. Унгар-Тоо боюнча айтсак, ал жерге эки өлкөнүн радио, теле антенналары орнотулган. Биз Өзбекстан тараптан тоо чокусуна чыгыш үчүн жол жок. Жол бир гана Кыргызстан тараптан. Муну көптөр билбейт.  Жол ошол жактан болгон үчүн биз келишимге келдик, натыйжада алар бизге чыгып-түшүү үчүн шарт түзүп берип жатат», — деп билдирген Арипов.

Социалдык тармактарда өзбек ЖМКларында тараган маалымат 15-ноябрда BBCнин өзбек кызматы тарабынан жарыяланган. Андагы эки билдирүү кыргыз бийлигинин айткандарына дал келбейт.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*