
«Жалпыга маалымдоо каражаттары» жөнүндө талаштуу мыйзам долбооруна журналисттер, юристтер тынчсыздануусун билдиришкенден кийин кыргыз бийлиги айрым беренелерин кайрадан иштеп чыгууга макул болду.
Жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушев баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирди. Бийлик андан соң документ экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүлөт деп ынандырып жатат.
Мыйзам долбооруна кандай жаңы нормалар киргизилип жатат? Анын кандай тобокелчиликтери бар? Журналисттер менен юристтер жаңы мыйзамга эмнеге кабатыр? «Т-Медиа» саресеп салды.
Бийлик: азыркы мыйзам моралдык жактан эскирди
Үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрында президенттик администрация «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Документтин негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганын, моралдык жактан эскиргенин жүйөө келтирип жатат.
Юристтер: мыйзам «өзгөрүүгө муктаж эмес»
«Медиаполиси институтунун» маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстандагы мыйзамдардын инвентаризациясын атайын түзүлгөн жумушчу топ жүргүзгөн. Ошондо «ЖМК жөнүндө» мыйзам «өзгөртүүгө муктаж эмес» деген корутунду чыгарылып, болгону айрым сөздөр гана алмаштырылган. Уюмдар, журналисттер да бул талкууга катышып, ушул эле ойду айткан. Институт 30 жылдан бери иштеп келе жаткан мыйзам мындан ары да иштей бериши керек эле деген ойду айтууда. Президенттик аппарат жаңы мыйзамдын жардамы менен бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюуну каалап жатат.
«Адилет» укуктук клиникасы да мыйзам долбооруна экспертиза жасаган. Анда «айрым жоболор көз карандысыз басылмалардын жана журналисттердин, анын ичинде чет элдик медиалардын эркин ишмердүүлүгүнө коркунуч келтирет» деген бүтүмгө келген. Ошондой эле талдоодо мамлекетке ЖМКнын ишине аралашууга жана аны жөнгө салууга негизсиз кеңири мүмкүнчүлүктөр берилгени айтылат.
Жаңы мыйзам долбоорунда эң негизги тобокелчиликтер кайсылар?
- Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстанда иштеп жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары (онлайн-басылмалар да) каттоодон өтүшү керек. Мыйзам кабыл алынгандан кийин эки айдын ичинде Юстиция министрлигине кайра катталат. Үлгүрбөгөн басылмалар автоматтык түрдө жоюлат;
- Каттоодон өтүп жатканда кайсы багытта иштээриңи мисалы, болжолдуу тематика же басылманын иш алып баруу багыты, материалдарды чыгаруунун болжолдуу аралыгы, ЖМКнын максималдуу көлөмү, маалыматты жайылтуунун болжолдуу аймагы, каржы булагы, негиздөөчүлөрү тууралуу маалымат жана арыз ээсинин дагы кайсы ЖМКга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат сөзсүз көрсөтүлүшү керек. Аны ачыктабай, кийин ошол багытта материал даярдалса, Юстиция министрлиги суроо-жооп кылып чара көрүшү мүмкүн;
- Интернет басылмалары укуктук жактан жөнгө салынып, мындан ары блогерлерге дагы жалпыга маалымдоо каражаты деген макам берилет;
- ЖМК ээси деген институт киргизилет. Журналистика эми ишкердик эмес, коомдук кызматты аркалайт деп айтылат. Андыктан ЖМК кожоюнунун редакциялык саясатка кийлигишүүсүнө мыйзам тарабынан чек коюлат, бул нерсе ЖМК уставында да бекитилет;
- Чет элдик жарандарга, кош жарандыгы бар же жарандыгы жок адамдарга ЖМКларды негиздөөгө тыюу салынат. Мындан тышкары чет элдик ЖМКнын өкүлчүлүктөрү ТИМдин уруксаты менен гана ачылат. Ал эми чет элдик кабарчылар ал жердин аккедитациясынан өтүшү керек болот. Бирок мыйзамда ал үчүн эч кандай критерий жана талаптар жазылган эмес.
- Журналисттерге жашыруун жаздырып алуу жана съемка кылууга тыюу салынат
- Өзгөчө жана аскердик абал учурунда сөз эркиндиги чектелет.
«Олуттуу тобокелдиктер бар»
«Адилет» укуктук клиникасынын билдиришинче, мыйзам долбоорунда адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелчиликтер бар. Айрым нормалар көз карандысыз медиалардын жана журналисттердин, анын ичинде чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин ишмердүүлүгүнө коркунуч келтирет. Юристтер мыйзам долбоорунда президенттик администрация медиа каражаттарын каттоо боюнча бир катар чектөөлөрдү коюп, жарандардын эркин маалымат алуу укугун чектегенин да кошумчалаган.
«Цензураны орното турган мыйзам»
Журналисттер да жаңы мыйзамга кабатыр. «Политклиника» медиасынын жетекчиси Дилбар Алимова бул накта цензураны алып келе турган документ экенин «Т-Медиага» курган маегинде билдирди. Аны айрыкча ЖМКларды кайрадан каттоодон өткөрүү демилгеси тынчсыздандырат.

«Бийликтин өзүнө ыңгайсыз болгон редакцияларды ар кандай шылтоо, бюрократия менен кайра каттабай, убактысын созуп жүрө берииши мүмкүн. Анан каттоодон өтүп жатканда сен кайсы багытта иштээриңди сөзсүз көрсөтүшүң керек экен. Бул кайсы бир деңгээлде ыйгарым укуктарыңды чектейт. ММКнын колу—бутун толгоп, цензуралык мыйзамдардын киргизилиши туура эмес».
Алимованын айтымында, эгерде медиаларды куугунтуктоо жыргал жашоого алып келсе, эмдигиче Орусия ошондой жашоого жетмек.
«Демократия өнүксүн деген бийлик мындай кадамдарга барбайт эле», — деди ал.
«Көз карандысыз ЖМКлардын жабылуусуна жол ачылат»
Журналист Семетей Аманбеков мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөсү. Аманбековдун айтымында ЖМКларды кайра каттоо менен бир канча көз карандысыз редакцияларды жаап салганга курал табылат. Журналист жаңы түзүлгөн жумушчу топ мыйзам долбооруна өз сунуштарын киргизип, аны журналисттердин укугун коргогон мыйзамга айлантууга аракет кылып жатканын билдирди.

«Учурда журналисттер прокурор, милицияга караганда элге жакыныраак жардамчы болуп жатканын эл өзү баамдап атат. Себеби жарандар укук коргоочуларга баруунун ордуна журналисттерге көбүрөөк кайрылат. Ошон үчүн журналисттердин үстүнөн ушундай мыйзамдарды кабыл алып, кылмыш иштерин козгоп, ар кандай мисалы, фейк фабрикалар менен басмырлоо кылгандын ордуна, аларды колдоп турса, бийликтин аракети туура болмок деп ойлойм».
Аманбеков маселени чечүүгө бир эле мамлекет эмес, жарандык коом да тартылыш керек деп эсептейт. Ошондой эле журналистердин көмөгү да маанилүү. Анын айтымында, мамлекет учурда кыйын кырдаалда — чек ара маселесин чечүү, тышкы карыздан кутулуу деген олуттуу көйгөйлөр турат.
Медиа коомчулугу тынчсызданып жаткан мыйзам долбоору боюнча анын демилгечиси, президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушев менен байланышып, пикирин алууну максаттадык. Бирок ал «убактым жок» деп, комментарий берүүдөн баш тартты.
«Үтүр, чекитинен бери көчүрүлгөн»
«Медиаполиси институтунун» адвокаты Нурбек Сыдыков президенттик администрация сунуштап жаткан мыйзам долбоору Орусиянын «Жалпыга маалымдоо каражаттары» жөнүндө мыйзамдын көчүрмөсү экенин айтат. Анын сөзүнө караганда, окшоштуктан сырткары алда канча катаал дагы.

«Долбоор кыргыз тилинде жазылган эмес. Орусиянын «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын структурасынан 90% көчүрүлгөн. Айрым абзацтар эч өзгөртүүсүз эле алынган».
Нурбек Сыдыков ар бир үтүр, чекитине чейин көчүрүлгөнүн айтат. Айрыкча 1, 2, 3, 4 жана бешинчи беренелери көчүрүлүп алынгандай шектенүүнү жараткан. Орусиянын мыйзамынын айрым жакшы жерлери бурмаланып кеткени байкалат дейт Сыдыков.
«Мисалы, интернет ресурстары да ЖМКлар сыяктуу каттоодон өтүшү мүмкүн дегендей нормалар бизде «өтүшү керек» деп берилген. «Өз ыктыяры» дегенди биздин бийлик «милдеттүү» деп жатат. Орусиянын мыйзамында жашыруун камера менен тартуу деген да норма бар. Ал жерде коомчулук кызыккан материалдарды адамдардын Конституциялык мыйзамдарын бузбай жашыруун тартса болот деп айтылат. А биздин мыйзамда ошол эле норма «болбойт» деп кесе жазылган. Бизде катаалдашып кеткен».
Кыргызстандык фактчекерлер да документти изилдеп, «плагиат» деген жыйынтыкка келишкен. Factcheck.kg басылмасынын журналисттери тексттин уникалдуулугун текшере турган кызматты колдонуп, бул мыйзам долбоору дээрлик толугу менен Орус Федерациясынын «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын көчүрмөсү экенин аныкташкан.
Документте кезиккен 53-беренеде окшоштук 66%дан 100%га чейин түзгөн. Айрым гана беренелерде окшоштук салыштырмалуу аз болгон.
«Бийлик «мурдагы мыйзам эскирди, 90-жылдан бери көп нерселер өзгөрдү» деп атат. Бирок ошол эле учурда алар Орусиянын 90-жылкыдан да эски мыйзамын көчүрүп алып атышат», -дейт журналист Дилбар Алимова.
Оставьте первый комментарий