Кадамжайда жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш иши козголду

Баткен облусунун Кадамжай районунда жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Айрыбаз айылында 2017-жылдын 18-апрелиндеги №15- токтому менен 581 жаранга үй куруу үчүн 95 гектар жер мыйзамсыз трансформацияланган. 

Ошол элу учурда, бөлүштүрүлгөн жерлер айрым муниципалдык мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берилген.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагында  жер тилкелеринин 197 мамлекеттик актылары алынды. Алардын ичинде Айрыбаз айылына кирбеген башка аймактын жашоочулары да бар экени аныкталды», — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Азыркы учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*