
Кыргыз Улуттук телерадио берүү корпорациясы 10-декабрда Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюмдун атын эскертүүсүз атап, жазып, атайын видео материал жасаган.
Анда аталган уюмга азгырылгандар башынан өткөн окуяларын баяндашкан. 12 мүнөткө жакын атайын репортаж КТРКнын фейсбуктагы баракчасына жүктөлгөн.
Атайын репортажда 3 каарман аталган тыюуу салынган уюмга кантип азгырылып калгандарын айтып беришкен. Материалда Мусулмандардын уламалар кеңешинин мүчөсү Фархат ажы Юсупов жана УКМК кызматкеринин интервьюсу да коюлган.
Биричи каарман:
«2013-жылы 202-берене, 315 берененин негизинде экстремизм менен 14 жылга кесилгем. Ошол жылдан бери ушул мекемеде жаза мөөнөтүмдү өтөп келе жатам. Алгач исламга чакырасын, намаз окуу, арак ичпе, бирөөнүн акысына тийбе деген туура багыттарды айтасын. Алар макул болуп угуп баштаган соң, “мындай деген нерсе бар, кааласаң окуп көр деп (ред: респондент тыюу салынган уюмдун аталышын ачык эле атайт) сунуштайсын», — деп сүйлөгөн.
Мында интервью бергендер тыюуу салынган уюмдун аталышын ачык эле атаган жана ал журналисттер тарабынан тыюуу салынган уюм экендиги эскертилген эмес.
Ошондой эле, интервью берген жарандын аты-жөнү жазылганда да ал уюмдун аты эскертилбей ачык жазылган.
Экинчи карман:
«Башында китеби жок эле сабактарды өтүп жүрдүк. Китепти өздөрү окуп, бизге түшүндүрүп беришет эле. Биз түшүнө алчу эмеспиз. Кийин коомдук жайда болбойт үйдө өтөлү деп башташты. Мен убактым жок экенин ишке эле келишин айтсам болбойт дешти. Мен бул жактагы эжелерди тааныйм. Карасам алардын баарын бул жак эч жакшы нерсеге алып келбептир. Бүт баары эле кыйналат экен, соттолуп да кетет, келечеги жок да», — деп сүйлөгөн.
Үчүнчү каарман:
«Мен орусча сабактарына катыштым. Көп материалдарды окуп чыктым. Анын муну өзүмдүн устатыма жеткиргенде ал мүчөлүккө экзамен алыштарыны айтышты. Катыштым. Негизинен ошол китептердин боюнча болду. Кийин бул (ред: тыюу салынган уюмдун аты аталат) уюмдун идеологиясын жайылтам, алар арасында ишенимдүү адам болом деп ант ичтим. Мен ойлогом дал (дагы кайталайт) ушул уюмдун иштерин активдүү жүргүзгөнүм үчүн кийин менин үй-бүлөмө каралашышат, жардам берет го деп ойлогом. Бирок, андай болбоду», — деп айткан.
КТРК бул материалындагы кадрларда да ал арабча жазуу менен кара желектин жана тыюу салынган уюмдун эмблемасы деген кадрларды көрсөтүшөт.
Ошондой эле башында эч кандай эскертүүсү жок эле тыюу салынган уюмдун атын аташат.
«Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» Мыйзам боюнча тыюу салынган уюмду жазганда сөзсүз анын Кыргызстанда тыюу салынганы жазылуусу керек. Болбосо бул пропаганда деп эсептелет.
Ошондой эле тыюу салынган уюмдун желегин, эмлемасын көрсөтүү да мыйзам боюнча пропаганда болот.
Кыргызстанда тыюу салынган 21 экстремисттик уюм бар. КТРК атаган уюм 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен экстремисттик уюм деп саналган.
Ошондой эле бул видео материалда КР журналистинин этикалык кодексинин бир катар нормалары бузулган.
«Журналисттерге өз материалдарында Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө соттун чечими менен тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын аталышын белгилөө сунушталат».
Ошондой эле сюжеттин башкы каарманынын аты-жөнү толук берилип, аны бети башы жашырылган эмес. Бул Журналистердин этикалык кодекси, 13-беренесине каршы келет.
Оставьте первый комментарий