
Президент Садыр Жапаров, 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. Анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Ал иш-чарага Беларус, Азербайжан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.
Буга чейин 14-октябрда Астана шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өткөн.
Оставьте первый комментарий