УКМК: «Акун» пансионатына 17 гектар жер мыйзамсыз берилген

УКМК 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан «Акун» пансионатынын жеке менчигине Кара-Ой айылында жайгашкан 17, 65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылганын билдирди.

Анын натыйжасында мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз чыгарылган соттун чечими боюнча даттануу козголуп, жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылган.

Жер тилкенин баасы 371 миллион сомго бааланган.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*