
Активист Атай Бейшенбек уулу 20-февралга чейин абакта калтырылды. Мындай чечим бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык соту тарабынан чыгарылды.
Сот залында активисттин жактоочусу Тимур Султанбеков Атай Бейшенбекке карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына же эч жакка чыкпоо чечимин кабыл алып берүүнү сурады. Ал эми активист өзүнө коюлган айыптарга макул эместигин айтып, тергөө иштери болбой жаткандыгын айтты.
Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалгандардын баш коргоо чараларын кароо башталган. Эрте менен Равшан Жээнбеков менен Бектур Асановдун иши каралып, алар да 20-февралга чейин абакта калтырылган.
Буга чейин аталган иш боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кармалгандардын тергөө мөөнөтүн дагы эки айга узартуу боюнча чечим чыгарган.
Ал эми президент 17-декабрда «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад абакта жаткандардын «төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон»деп эсептерин айткан.
Ал абактагы аялдарды үй камагына чыгаруу чакырыгына да оюн билдирип, кайрылгандар «мурдараак кыздарын, аялдарын тыйып, акыл үйрөтүүгө тийиш болчу» деген.
Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынышкан. Алардын көпчүлүгү Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү жана чек ара тууралуу өз пикирин билдирип келгендер.
Ички иштер министрлиги аларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
Оставьте первый комментарий