УКМК Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткен болушу мүмкүндүгүн билдирди

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти депутат Эмил Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгып кеткен болушу мүмкүндүгүн айтып, издөө жарыялады.

Маалыматка караганда Жанар Акаев жана Эмил Жамгырчиевдердин унаасынан аудио-видео жазуулар табылганы боюнча териштирүү башталып, эл өкүлдөрүнүн жардамчылары суракка чакырылган. Атайын кызмат депутат Жамгырчиевди да суракка чакырып, ал УКМКга келген эмес.

Мындан улам, атайын кызмат эл өкүлү өлкө аймагынан чыгып кеткен болушу мүмкүндүгүн билдирди.

УКМК Жамгырчиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды төмөнкү номерлерге кабарлоого чакырды: (0312)660475, (0312)626504

Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жалпы жыйынында «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан үн жана видео жаздыруучу аппараттар табылганын билдирген.

Акаев Жамгырчиевдин кыргыз-казак чек ара бекетинде күч органдары тарабынан кармалып, кайра бошотулганын Кемпир-Абад суу сактагычына «каршы» добуш бергени менен байланыштырган. Ал фракциялаштарынын кармалышына расмий түшүндүрмө талап кылган.

Эки депутат чек арада кабылган окуя

Парламент депутаты Эмил Жамгырчиев 27-ноябрга караган түнү кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы билинген. Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева билдиргендей, Жамгырчиевди УКМКнын өкүлдөрү кармап, кайра кое берген.

Кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Т-Медиага» Эмил Жамгырчиев боюнча маалыматты тастыктап, Айдарбеков эч кандай суракка алынбаганын билдирген. Атайын кызмат белгилегендей, депутат Казакстан менен чек арадан өткөн.

Эске салсак: Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген. Каршы добуш бергендердин катарында Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков болгон.

Жамгырчиевге козголгон иш

2020-жылдын октябрь айында Эмил Жамгырчиев пара алууга шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылы анын иши Биринчи май райондук сотунда каралып, акталган. Райондук соттон Жамгырчиев казынага 20 млн сом төлөгөнүн билдиришкен.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*