Январда 1200 мектеп компьютердик жабдуулар менен камсыздалат

Билим берүү жана илим министрлиги «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында өлкөдөгү 1200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик жабдууларды жеткирүүнү баштады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Балыкчы, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Ысык-Көл, Токтогул райондорунун мектептерине техникалар жеткирилип бүткөн. Калган мектептерге 2023-жылдын январь айынын аягына чейин жеткирүү пландалууда.

Долбоордун алкагында мектептер жана колледждерде электрондук китепканаларды ачуу үчүн эмеректер менен жабдылган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте инфраструктура, анын ичинде электр, локалдык тармактар жана интернет даярдалган.

«Келечек үчүн билим берүү» долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

Автор Т-медиа 11884 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*