Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан келиндин жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусунда 30 жаштагы келиндин жансыз денеси жол боюндагы каналдан табылды. Маркум 23-декабрь күнү эрте менен үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан. Жолдошу милицияга кайрылып издөөгө алган. Кылмышка шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалды.

Маркум өзү жашаган Сузак районунун Ширин айылынан ата-энесинин үйүнө кабар алганы чыккан. Жолдошу ошол эле күнү милицияга жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылган. Жергиликтүү эл жана милиция кызматкерлери 2 күн дегенде айыл четиндеги каналдан жансыз денени табышкан.

«Эки күн издедик. Ошол жерден таптык. Кечээ түшкө жакын табылды. Сууга чөктүргөн, киши колдуу болгон», — дейт Ширин айылынын башчысы Бакытбек Ташматов.

Маркумдун жолдошу ошол күнү Кочкор-Ата шаарында жумушта болгон. Түштөн кийин кайын атасы кызы үйүнө келбегендигин айткан соң, издөөгө түшкөн.

«Эч кимге жамандыгы жок бир калыпта жүргөн адам эле. Кимдин колу мындай ишке барганына көзүм жетпей жатат. Акыл, эстүү аял болчу. Жазасын алсын, табылсын. Колумдан башка эми эмне келет», — маркумдун жолдошу Вахитжон Курбаналиев. 

Угулай бир үйдүн эң кенжеси болгон. Буга чейин ата-энесине келип, каралашып жүргөн. Каргашалуу күнү да ата-энесинин үй иштерине жардам берүү үчүн келе жаткан. Бирок айылынан чыкпай жатып, киши колдуу болуп каза тапкан.

«Айыптуу адам табылса, эң катаал жаза берилсин. Бул атайын жасалган кылмыш. Жол кырсыгы эмес. Ким экенин көрөлү», — дейт маркумдун атасы  Абдуманап Аманов.

Кылмышка шектүү катары ушул эле айылдын тургуну 23 жаштага жаран кармалганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

«Бул боюнча ыкчам иликтөө жүргүзүлгөн. Натыйжада ошол эле айылдын тургуну кармалган. Катыштыгы бар экендиги такталган, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген», — дейт Жалал-Абад облусук милициясынын басма сөз кызматынын улук инспектору Нурдинбек Жээнтаев.

Маркум Угулайдын артында 10 жана 7 жаштагы эки уулу калды.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*