
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда каракчылык кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашырганы үчүн 16 кызматкер жазаланды. Калган 3 кызматкердин ден-соолугу сакайгандан кийин кызматтык жоопкерчилиги каралат.
ИИМден билдиришкендей, Сузак райондук милициясынын кызматкерлеринин үстүнөн министрликтин ички иликтөө кызматы иликтөө жүргүзгөн.
Жыйынтыгына, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашым Тагаев, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, орун басары, сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, кылмыш иликтөө кызматынын башчысы ээлеген кызмат ордуларынан бошотулган.
Ошондой эле, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, ички иликтөө бөлүмүнүн башчыларына, штаб башчысына, Сузак райондук милициясынын кызмат, кадр боюнча орун басарларына «катуу сөгүш», ички иликтөө бөлүмүнүн 2 ага ыкчам өкүлүнө «сөгүш» тартиптик жазасы берилген.
Эске салсак, кечээУКМК Сузак районунда каракчылык кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү, ошондой эле алардын кылмышын жашырган деген шек менен Сузак районунун милиция кызматкерлери кармалганын маалымдаган.
Сузакта кылмыштуу топ менен алардын ишин жашырган милиция кызматкерлери кармалды
Оставьте первый комментарий